Сузакта 68 жаштагы дарыгер коронавирус шарттаган пневмониядан каза болду

Анар Чимбердиева

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда терапевт Анар Чимбердиева 19-июлда каза болду. Ал 68 жашта болчу.

Маалыматты «Клоопко» аталган райондун акими Эрмекбай Омошев тастыктады. Анын айтымында, Чимбердиевада коронавирус шарттаган пневмония аныкталган.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен дарыгердин жакындарына төлөнүп берилчү кун маселеси тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

«Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери»

Анар Чимбердиева 15-январда Барпы айылынын Тобой кыштагында туулган. Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун аяктагап, Жалал-Абад облустук оорукананын терапиялык бөлүмүндө интернатурадан өткөн.

Андан соң Жалал-Абад шаарындагы №1 поликлиникада аймактык терапевт болуп эмгектенген.

Ал эми 31 жашында облустук кан куюу станциясынын «Канды топтоо жана кайрадан иштетүү» бөлүм башчысы болуп дайындалган.

Чимбердиеванын демилгеси менен облустагы №16 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы имарат курулуп, ишке кирген.

Жогорку категориядагы дарыгер, терапевт Анар Чимбердиева үзүрлүү эмгеги үчүн 2011-жылы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.

Маркум дээрлик 20 жылдык өмүрүн Барпы айылдык дарыгерлик амбулаториясына арнады.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин COVID-19 жана пневмонияга чалдыккан жарандардын эсебин эки бөлөк жүргүзгөн. Кийинчерээк өкмөт пневмонияны COVID-19 пайда кылаарын моюндады.

Ал арада пневмониядан жана коронавирустан 40ка жакын медик каза болгону белгилүү болгон — бирок министрлик илдеттен так канча дарыгер каза болгондугу тууралуу расмий маалымат бере элек.

Өлкөдө 20-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны 27 143кө жетти — анын 13 109у айыгып, 1037 киши илдеттен көз жумду.