ЖАМКтын улук инспектору Шамансур Төлөнбаев пневмониядан каза болду

Шамансур Төлөнбаев

19-июлда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кезмет бөлүмүнүн улук инспектору, полковник Шамансур Төлөнбаев 53 жашында пневмониядан көз жумду.

Маркум 1967-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында 1998-жылдан тарта эмгектенип, полковник наамына мындан бир жыл мурун татыган.

«Шамансур Курбанович жыйырма жылдан ашык Ата Мекенди коргоого, Мекенди чексиз сүйүү менен, аскердик милдетин абийирдүү аткарууга арнаган. Кызмат өтөө мезгилинде өзүнө мүнөздүү тырышчаактыгы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ишмердүүлүгүнө салым кошуп, адамдарга жасаган мамилеси менен кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болгон», — деп жазылат ведомствонун маалыматында.

20-июлга карата COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 21 143кө жетти. Бул көрсөткүч Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандардын статистикасы бириктиргенден кийин дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Коронавирус жуктуруп алгандардын 13 109у айыгып, 1 037 бейтап көз жумду. Учурда илдеттен 13 201 бейтап дарыланууда.