COVID-19 дагы 53 медицина кызматкеринде аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 24-июлда COVID-19 жуктурган дагы 53 медкызматкер катталганын кабарлашты. Алардын 22си дарыгер. Ал эми акыркы сутка ичинде 74 медик сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 580ге жетти — бул жалпы оорулуулардын сегиз пайызы. Андан сырткары 1 234 медкызматкер илдеттен айыкты.

Ал эми расмий статистика боюнча коронавирустан 29 медкызматкер каза болду. Бирок коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгып, көз жумган медиктердин саны мындан да көп.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү. Ошондой эле 40 медкызматкерге кун төлөп берүү маселеси каралып жатат.

24-июлга карата COVID-19ду жуктуруп алган жарандардын саны 31 247ге жетти. Алардын ичинен 18 038 бейтап айыгып, 1 211 киши каза болду.