Коронавируска чалдыккан медиктердин саны 2633кө жетти

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн суткада коронавирус дагы 53 медициналык кызматкерден аныкталды. Ошондой эле, 60 медкызматкер оорудан айыкты — алардын 48и үй шартында дарыланган. Бул тууралуу Республикалык штаб 25-июлда билдирди.

Илдетке чалдыккан медиктердин эң көбү Ош облусунда катталды — 16. Ошондой элеБаткен облусунда — 11, Бишкек шаарында тогуз, Ош шаарында сегиз, Чүй облусунда беш, Ысык-Көл облусунда эки, Жалал-Абад жана Талас облустарында бирден медик COVID-19га чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2633кө жетти. Ал эми жалпысынан 1305 кызматкер илдеттен айыкты.

22-июлга карата расмий статистика боюнча коронавирустан 29 медкызматкер каза болду. Бирок коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгып, көз жумган медиктердин саны мындан да көп.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.