Ошто моргдон жолдошунун сөөгүн сатып алган тургунга акчасы кайтарылды

Хулькар Исамовага кайтарылып берилген акча. Сүрөт: Исамованын фейсбук баракчасынан алынды

Ош шаарынын тургуну, көз карандысыз журналист Хулькар Исамовага каза болгон жолдошунун сөөгүн алуу үчүн берген акчасын моргдон кайтарып беришти. Бул тууралуу Исамова фейсбук баракчасында билдирди.

«Жолдошумдун кесиптештерине, чыныгы офицерлерге ыраазычылык билдирем. Алар менин морг тууралуу жазган фейсбуктагы постума ыкчам реакция кылышты. Милициянын жана тергөөчүлөрдүн алдында менден үзүр сурап, алган акчаларын кайтарып беришти», — деп жазат Исамова.

Ошондой эле, көз карандысыз журналист кайтарылган акча кайрымдулукка жумшалаарын белгиледи. Мындан сырткары Исамова эч кимге доосу жоктугун айтып, арыз жазуудан баш тартканын билдирет.

Исамова фейсбукка жүктөгөн сүрөттө 10 000 сом өлчөмүндө акча кайтарылганын көрүүгө болот. Ал эми анын уулу моргго жалпы эсеп менен 13 000 сом берген.

«Калган каражатка биз өзүбүз ыраазы болдук. Анткени санитарлар кепиндеп беришти. Алардын бул кызматы үчүн баары бир бермекпиз», — деп билдирди «Клоопко» Исамова.

Коронавирус жуктуруп каза болгон инспектор

20-июлда Исамова фейсбук баракчасында коронавирус жуктуруп каза болгон күйөөсүнүн сөөгүн уулу моргдон сатып алганын жазган болчу. Исамованын айтымында, маркумдун денесине бычак тийгизбөө үчүн моргдун кызматкерлери 20 миң сом талап кылышкан. Бирок уулу алар менен макулдашууга барып 10 миң сом төлөгөн. Мындан сырткары уулу санитарларга 3000 сом бергенин жазган.

Оштогу моргдун башчысы Нуркамал Даминов акча опузалоо боюнча кабары жоктугун, бирок кызматтык иликтөө жүргүзөлөөрүн билдирген. Ошондой эле мындай учурларда ага кайрылуу керектигин белгилеген.

Хулькар Исамованын жолдошу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага инспектору, милициянын капитаны Улукбек Умаров 9-июлда каза болгон. Жубайлар COVID-19ду жуктуруп алып ооруканада дарыланып жатышканда Умаров айыгып кете алган эмес.

23-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 30 126га жетти. Коронавирус менен ооруган бейтаптардын 16 791и айыгып, 1 169 киши көз жумду. Учурда ооруканаларда 13 201 бейтап дарыланып жатат.