Covid-19: Ошто «Доктор Матраимова» медициналык борборунун жетекчиси каза болду

Рахиля Матраимова

Ош шаарында 23-июлда «Доктор Матраимова» медициналык борборунун жетекчиси, терапевт Рахиля Матраимова коронавирус жуктуруп каза болду. Ал 53 жашта болчу.

«Ал өзүнүн ишин мыкты билген, профессионал дарыгер болчу. Бейтаптарга жардам берем деп жатып ушул COVID-19дун курманы болду. Ал бизди өтө эрте таштап кетти, биз эч качан анын жаңырган күлусү менен көздөрүндө жанып турган отту унутпайбыз», — деп жазды фейсбуктун колдонуучусу Бактияр Асилбек уулу.

Маалыматты «Клоопко» дарыгердин уулу Бакытбек Матраимов тастыктады. Анын айтымында, апасы жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган. Натыйжада эки тараптуу пневмония пайда болгон.

«Өпкөсү 40 пайызга жаракат алган экен. Алгач өзүбүздүн клиникабызда дарыланды. Андан кийин дарыгердин көзөмөлүндө болсун деп шаардагы Навои мектебинде ачылган обсервацияга алып барганбыз. Анан реанимацияга түшүп калды. Облустук инфекциялык ооруканага котордук, ал жакка жаткырылгандан кийин үч күн өтүп каза болуп калды», — деди ал.

Уулунун айтымында, дарыгер 20 күндөй ооруканаларда жаткан. Ошондой эле ал дарыгердин өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги жакындарына байланышпаганын кошумчалады.

Саламаттык сактоонун отличниги

Рахиля Матраимова Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институнун аяктап, Ош шаардык №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектеп, андан соң «Дарман Ош» клиникасынын башкы дарыгери катары эмгектенген.

Үзүрлүү эмгеги үчүн Саламаттык сактоонун отличниги наамына татыган.

Өзүнүн «Доктор Матраимова» медициналык борборун ачып, өмүрүнүн аягына чейин элди дарылады.

Саламаттык министрлигинин 22-июлга карата расмий маалыматы боюнча коронавирус жуктурган 29 медкызматкер каза болгон. Ал эми «Клооп» жүргүзгөн эсеп боюнча пандемия учурунда каза болгон медкызматкерлердин саны 40тан ашты.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Өлкөдө 27-июлга карата коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2683кө жетип — анын 1478и илдеттен айыкты.