Жалал-Абад: Жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборун оңдоого каражат бөлүндү

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун курулушун оңдоого өкмөттөн 19 млн сом каражат бөлүндү.

Бул тууралуу оорукананын жетекчиси Калдарбек Абдраманов фейсбук баракчасында билдирди.

«Оорукананын экинчи жана үчүнчү кабатын оңдоого бекитилген каражаттын каралган бөлүгүн өкмөт акыры бөлдү. Оңдоп-түзөө иштери башталды», — деп жазган Абдраманов.

Буга чейин имаратты оңдоого Саламаттыкты сактоо министрлигинен 4 млн сом, жергиликтүү бийликтен 1,5 млн сом бөлүнгөн. Бирок бул каражат оорукананы толук оңдоого жетиштүү болбогондуктан, 2018-жылы бейтапкананын жамааты акча чогултуп биринчи кабаттын бир бөлүгүн өз алдынча оңдошкон.

Абдрамановдун айтымында, медиктер эки жылга чукул курулушу толук бүтө элек имаратта иш алып барууга аргасыз болуп келишкен. Анткени төрт жыл мурун аталган борборго 600 миң еврого ангиографиялык аппарат алынып, аны ишке киргизүү зарыл болгон. Бул аппарат менен жүрөк ооруларына диагноз коюлуп анан дарыланат.

Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору дартты аныктоо жана дарылоочу түштүктөгү жалгыз борбор. 2015-жылга чейин илимий борбор облусттук оорукананын имаратында иш алып барып келген. Ошондой эле борбор 96 бейтапка ылайыкталган.

Ал эми оорукананын учурдагы имараты 2015-жылга чейин Кадыржан Батыровго таандык болгон. Батыров — 2010-жылы июнь окуясында кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы этникалык араздашууну чыгаргандардын бири. Ал бийлик тарабынан массалык башаламандыктарды уюштурган деп айыпталгандан соң өлкөдөн чыгып кеткен. Кадыржан Батыров 2018-жылы Одессада каза болгон.

Тема боюнча:

Жалал-Абадда жүрөк операциялары бир жылдан бери курулуп бүтө элек имаратта жасалууда

Калдарбек Абдраманов: Илимий борбордогу кардиология бөлүмүн кардиохирургиядан бөлүп салуу туура эмес