Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса биринчи иретте Орусия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирликтери менен болгон эл аралык каттамдар жанданарын айтты. Ал эл аралык авиакаттамдарын жандандыруу боюнча штабдын чечими бар экенин кошумчалады.

«Тышкы каттамдар эки тараптан чечилчү маселе. Азыркы учурда атайын кызматтар, Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен мурунку жүргүзүлүп келген каттамдардын кайсынысы биринчи жандандырыларын тактап жатышат» — деди ал.

Кыргызстан 15-июндан тарта эл аралык каттамдарды кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу 20-мартта бардык эл аралык каттамдарды токтоткон. Бирок чет жактагы кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн уюштурулган чартердик авиакаттамдарга уруксат берилген. Буга чейин Орусия, Бириккен Араб эмирлиги, Түркия сыяктуу бир катар мамлекеттерден кыргызстандыктар учак менен кайтарылган.