Өзгөндө киши колдуу болгон таксисттин туугандары «акыйкат» тергөөнү талап кылышууда

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусунун Өзгөн райондук администрациясынын алдында 29-июлда ондогон киши митингге чыкты. Чогулгандар киши колдуу болуп, андан кийин өрттөлгөн 29 жаштагы таксисттин туугандары болушат. Алар маркумдун өлүмүнө байланыштуу иш «акыйкат» тергелип, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу талабын коюшту.

Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, митингге 60-70ке чукул адам катышкан. Чогулгандарга жергиликтүү бийликтин жетекчилери жана Өзгөн РИИБинин башчысы чыгып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

Маркумдун туугандары бир нече сааттан кийин таркашты. Облустук милициядан нааразычылык акция учурунда мыйзам бузуу катталган жок деп белгилешти.

Айдоочунун өлүмү

Милиция Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясынын жээгинен 29 жаштагы кишинин өрттөлгөн сөөгүн 27-июлда тапкан. Анын өлүмүнө шектүү болуп Өзгөн шаарынын 16 жана 17 жаштагы тургундарын кармалган. Милициядан шектүүлөр күнөөнү толугу менен мойнуна алды деп кабарлашты.

Өспүрүмдөр өз көрсөтмөсүндө, 20-июлга караган түнү таксистти 200 сомго жалдап, Шералы айылына жеткирип коюну суранышканын айтышкан. Бирок бара турган жерге жеткенде өспүрүмдөр маркумдун колуна 100 сом гана беришкен. Мындан улам алардын ортосунда чыр чыгып, унаанын артында отурган өспүрүм өзү асынып жүргөн сумкасынын илгич жиби менен айдоочу баланын мойнуна илип, муунткан. Ал эми экинчи шектүү айдоочунун бетине урган.

«Айдоочунун жансыз денесин автоунаанын багажнигине салып барышып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарья сайында маркумду өрттөп сууга агызып салышкан», — деп жазылат Ош ОИИБинин пресс-релизинде.

Андан кийин шектүүлөрдүн бири рулга отуруп үч досуна айдап барып, болгон окуяны айтып берет — эки 17 жаштагы жана бир 15 жаштагы өспүрүмгө. Кийинчерээк бешөө унаага күйүүчү май чачып, өрттөп салышкан.

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Айдоочунун өлүмүнө шектелген эки өспүрүм тергөө абагына эки айга киргизилди. Ал эми кылмышты жашырган үч досуна «Кылмышты жаап-жашыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды — алардын экөө убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. 15 жаштагы өспүрүмдү шектүү катары саноо маселеси каралууда.