Өзгөндөгү киши колдуу болгон таксист тууралуу видео чыгарган блогерди УКМК суракка алды

Адыл Акжол уулунун Youtube-каналынан алынган скрин

Ош облусунун Өзгөн районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 29 жаштагы айдоочунун тажыясынан ютубда түз эфир жасаган блогер Адыл Акжол уулу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде 29-июлда суракка алынды. Бул тууралуу Акжол уулу «Клоопко» кабарлады.

Блогер 29-июлда фейсбукка пост жарыялап аны УКМКнын Улан аттуу кызматкери саат 17:06га чакырып жатканын жазган. Бирок атайын кызматтан ага чакыруу келбесе дагы, «тез арада келип кал» деп эскертишти деген.

«Мен пландуу съемка, абдан зарыл иштер менен жүргөм. Ага да түшүндүрүүгө аракет кылсам болбоду. Эртең барайын деп сурандым. Бирок, ал ага да көнбөдү. Азыр келсең “өзүң үчүн жакшы болот" деди. Жумуш убактысы бүттүго десем, “сен келгенче күтөбүз” деди», — деп жазган Акжол уулу.

Блогер билдиргендей, Оштогу атайын кызматтын тергөөчүсү аны суракка эмес, «ага катары» чакырганын айткан. Алар тергөөчүнүн кабинетинде эмес, мекеменин имаратынын сыртында эле сүйлөшкөн.

«Ал жерде мен Youtube каналымдагы жумушумду аткарып, элдин оюн бийликке, күч түзүмдөргө жеткиргени аракет кылганмын. Себеби элде бийликке ишеним пайда болбой калыптыр. “Өзгөндө сот адилеттилигине биз ишенбейбиз, бул маселеге биздин президентибиз Сооронбай Жээнбеков кабардар болсун — бизге адилеттүүлүк керек” деп алар мага кайрылуусун жолдошту», — деди ал.

Акжол уулунун айтымында, УКМКнын кызматкери ал ютубга жүктөгөн видео «улуттар ортосундагы кастыкты козутканын» айтып, аны өчүрүүнү суранган.

«”Мен улуттар аралык маселесин козуткан жокмун, андай негиз таба албайсыңар мага” дедим. [...] Видеодо менин элди үгүттөп, “чыккыла, урушкула” деген жерим жок», — деди ал.

Анткен менен блогер видеону өчүргөн. Мунун себебин УКМКнын кызматкери атайын чалып, чакыргандыктан сунушун эске алганы менен түшүндүргөн. Акжол уулу ютубда түз эфирдин видеосу өчүрүлгөнүн көргөндөн кийин маркумдун жакындары нааразычылык билдирип митингге чыгууну көздөшкөнүн айтат.

Бирок Акжол уулу киши колдуу болгон кишинин туугандарын тынчтандыруу үчүн анын өлүмү тууралуу даярдаган видеорепортаж жүктөгөн. Ошол эле маалда видеого комментарий калтыруу функциясы өчүрүлгөн.

100 сомдун айынан өлтүрүлгөн айдоочу

Милиция Өзгөн районундагы Зергер айылынын 29 жаштагы тургунун өрттөлгөн сөөгүн 27-июлда Кары-Дарыянын жээгинде тапкан. Буга чейин укук коргоо органдары анын өрттөлгөн унаасын табышкан.

Тергөө алкагында эки шектүү — 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр — кармалып, айдоочуну 20-июлдга карата түнү өлтүргөнүн билдиришкен.

Шектүүлөрдүн өз көрсөтмөсүндө ошол күнү алар маркумду 200 сомго жалдап, Шералы айылына жеткирип коюну суранышкан, бирок бара турган жерге жеткенде өспүрүмдөр маркумдун колуна 100 сом гана беришкен. Мындан улам алардын ортосунда чыр чыгып, унаанын артында отурган өспүрүм өзү асынып жүргөн сумкасынын илгич жиби менен айдоочу баланын мойнуна илип, муунткан. Ал эми экинчи шектүү айдоочунун бетине урган.

«Айдоочунун жансыз денесин автоунаанын багажнигине салып барышып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарья сайында маркумду өрттөп сууга агызып салышкан», — деп билдиришкен Ош ОИИБиден.

Кийинчерээк шектүүлөр таксисттин унаасына отуруп, үч досуна — эки 17 жаштагы жана бир 15 жаштагы өспүрүмгө — барып, окуяны айтып беришкен. Өспүрүмдөр кылмышты жашыруу үчүн унаага күйүүчү май чачып, өрттөп салышкан.

Маркумдун жакындары аны бир апта бою издеп, сегизинчи күнү моргго барып анын каза болуп калганына күбө болушкан. Каза болгон айдоочунун атасы Адыл Акжол уулу жүктөгөн видеодо өзүнүн баласын кийиминен жана тиштеринен гана тааныганын билдирген. Таксисттин артында кош бойлуу жубайы жана эки жаш баласы калды.

Айдоочунун өлүмүнө шектелген эки өспүрүм тергөө абагына эки айга киргизилди. Ал эми кылмышты жашырган үч досуна «Кылмышты жаап-жашыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды — алардын экөө убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. 15 жаштагы өспүрүмдү шектүү катары тартуу маселеси каралууда.

Ал эми 29-июлда маркумдун 70ке жакын туугандары Өзгөн райондук администрациясынын алдында митингге чыгышып, иш «акыйкат» тергелип, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу талабын коюшкан.

Чогулгандарга жергиликтүү бийликтин жетекчилери жана Өзгөн РИИБинин башчысы чыгып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдиргенден кийин, митингчилер тараган.