Коронавирус дагы 22 медикте аныкталып, 52 медкызматкер оорудан айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 1-августка карата бир суткада коронавирус дагы 25 медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлады.

Ош облусунда тогуз, Ысык-Көл облусунда беш, Ош шаарынан төрт, Жалал-Абад облусунда үч жана Бишкек шаарында бир медик коронавирус жуктурганы белгилүү болду.

Ошондой эле, акыркы суткада 52 медик илдеттен сакайды — алардын 49у үйүндө дарыланган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 790го жетти. Ал эми жалпысынан 1 766 кызматкер илдеттен айыкты.

Мындан сырткары коронавирус жана пневмонияга чалдыккан ондогон медик каза болду — өкмөт 30-июлда 73 медкызматкер каза болгонун маалымдады.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.