Министр Сабиржан Абдикаримов

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун ден соолугуна байланыштуу өргүүсү аяктап, 3-августтан тарта жумушка чыкты.

Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Абдикаримов стационардык дарылоодон кийин бир жума карантиндин нормаларын сактап үйүндө болгон.

Июль айынын башында министр пневмонияга, орун басары Нурболот Үсөнбаевден коронавирустун белгилери байкалып, ооруканага жаткырылган. Ал ортодо министр менен орун басары дарылануу үчүн чет жакка учуп кетти деген маалымат тараган.

Бирок Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова мындай маалыматтарды четке кагып, алар өлкөдө эле дарыланып жатканын билдирген. Ал эми июль айынын аягында Сабиржан Абдикаримов өз каалоосу менен кызматтан кеткени тууралуу маалымат тараган. Кийин өкмөт бул кабарды төгүнгө чыгарып, министр ден соолугуна байланыштуу үйүнөн иштеп жатканын кабарлаган.

3-июлга карата өлкөдө коронавирустун 410 жаңы учуру катталып, жалпысынан илдет жуккандардын саны 37 129 кишиге жетти. Ошол эле маалда, жалпысынан 27 927 бейтап оорудан айыкты.