Өткөн суткада коронавирустан 767 бейтап айыкты — аймактар боюнча көрсөткүч

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 5-августта коронавирустан 767 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 184. Ошондой эле, илдеттен Чүй облусунда — 104, Ысык-Көл облусунда — 80, Ош шаарында — 65, Ош облусунда — 102, Жалал-Абад облусунда — 98, Нарын облусунда — 9, Баткен облусунда — 48 жана Талас облусунда — 77 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 29 509 бейтап айыкты — алардын ичинде 1934 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 38 110го жетти. Аталган илдет 1348 кишинин өмүрүн алды. Учурда ооруканаларда 7 170 бейтап калууда.