БАЭ Кыргызстан менен авиарейстерди жарым-жартылай жандандырды, Түркия кошумча каттамдарды ачты

Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 7-августтан тарта Бириккен Араб Эмирликтери менен эл аралык авиарейстер жарым-жартылай жанданды.

Рейстер Flydubai авиакомпаниясы тарабынан, Дубай — Бишкек — Дубай багыты боюнча аптасына бир жолу ишке ашат.

Мындан тышкары, төмөнкү каттамдар боюнча Түркия менен кошумча рейстер ачылат:

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек аптасына 2 жолу (Avia Traffic Company авиакомпаниясы);
  • Бишкек — Анталья — Бишкек аптасына 1 жолу (Avia Traffic Company авиакомпаниясы);
  • Стамбул — Бишкек — Стамбул аптасына 2 жолу (Turkish Airlines авиакомпаниясы);
  • Стамбул — Бишкек — Стамбул аптасына 2 жолу (Pegasus Airlines авиакомпаниясы).

Буга чейин Түркиядан Кыргызстанга уччу аба каттамдар Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты боюнча гана жеткиликтүү болчу.

29-июлда Кыргызстан Орусия, Казакстан жана БАЭ өлкөлөрүнө августтан тарта авиа каттамдарды ачып, жумасына бир нече каттам уюштурууну сунуштаган. Бирок Орусия менен Казакстан авиакаттамдарды жандандыруудан азырынча баш тартышкан. Ошол эле учурда Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы 31-августка чейин Бишкекке уччу рейстердин баарын токтоткон.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус пандемиясынан улам март айында чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиа каттамдарды токтоткон — алар 5 айга чукул убакыттан бери иштебей келет.

Бирок «Манас» аэропорту жүк жана чартердик рейстерди тейлеп жатат. 8-июндан тарта Кыргызстанда бардык ички авиарейстер иштеп баштаган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.