Өлкөдө дагы 17 медик коронавирус жуктуруп, 52 медкызматкер оорудан айыкты

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Республикалык штаб 7-августка карата бир суткада коронавирус дагы 17медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлады. Ошондой эле, акыркы суткада 52 медкызматкер айыкты — алардын 47си үй карантинде дарыланган.

COVID-19га чалдыккан медиктердин бешөө Ош шаарындагы ооруканаларда иштеген. Ошондой эле, Ош облусунда төрт, Ысык-Көл жана Баткен облустарында үчтөн, Жалал-Абад облусунда эки медкызматкерде коронавирус аныкталды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 928ге жетти. Ал эми жалпысынан 2 025 кызматкер илдеттен айыкты.

Мындан сырткары коронавирус жана пневмонияга чалдыккан ондогон медик каза болду — өкмөт 30-июлда 73 медкызматкер каза болгонун маалымдады.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун пандемиясы өлкөгө жеткенден тарта илдет менен күрөшкөн медициналык кызматкерлерге каралган кошумча төлөмдөргө 807 млн 200 миң сом жумшалганын билдирди.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.