Ошто 4 жашар кызга карата «ыплас аракеттерди жасаган» пенсионердин ишин сот карайт

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында төрт жашар кызга «ыплас аракеттерди жасоого» шектелген 65 жаштагы кишинин соту 18-августка дайындалды. Учурда шектүү Ош ШИИБинин убактылуу тергөө абагында кармалууда.

«Иш шаардык сотунун өндүрүшүнө 18-июнда келип түшкөн. Бирок учурда коронавируска байланыштуу соттук отурумга соттолуучулар алынып келинбегендиктен соттук отурумдар жылдырылууда», — деди Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

«Ыплас аракеттерди жасоо» беренеси менен пенсионер үстүбүздөгү жылдын май айында кармалган. Арыздануучу Дария Байыш кызынын айтымында, пенсионер төрт жаштагы кызын «зордуктоого аракет жасаган». Мындай тыянакка ал жолдошу аталган кишинин батирден шымданып чыгып баратканын көрүп ага билдиргенден кийин келген. Наристе кыз болсо бөлмөдө жылаңач болгон.

Окуя жубайлар иштеген унаа жуучу жайдагы батирде болгон. Алардын бала-чакасы ошол жакта ойноп олтурушкан. Ал эми жубайлар ал күнү жашаган үйүн оңдоп-түзөп жаткандыктан, усталарга боёк жеткирип берүүгө кетишкен.

Ал эми пенсионер журналисттерге берген интервьюсунда айыптоолорду четке каккан. Анын айтымында, аталган үй-бүлөнү бир нече жылдан бери тааныйт. Окуя болгон күнү кыз телефонун сурагандыктан ага берген. Аны кайра алып жатканда ыйлап жиберген. Ошол маалда кыздын атасы кирип барган.

Тема боюнча:

Ошто пенсионер 4 жашар кызга карата «ыплас аракеттерди жасоого» шектелүүдө