«Азаттык» радиосунун мурдагы журналисти, учурда саясат талдоочу катары белгилүү Айданбек Акматов ИИМге сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү «Азаттык» радиосуна ырастаган.

Анын айтымында, ИИМ Фейсбук баракчасына жазган «Олигархат же үч баштуу ажыдаар» деген билдирүүсү үчүн суракка алган. Аталган билдирүүнү Акматов 22-июнда жазган. Ал дээрлик эки ай мурда жазган билдирүүсүндө «2010, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо олигархтар Жогорку Кеңешке келип мамлекеттин ресурстарын "мыйзамдуу жолдор менен" талап-тоноого активдүү киришкенин» белгилеген. Ошондой эле, «олигарх-коммерсанттарды мамлекеттин саясатынан алыс болууга мажбурлаган президент дагы болбогонуна» токтолгон.

«Тескерисинче, Алмазбек Атамбаев, андан кийин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарга таянып, парламент түптөп жатышат. Алар түптөгөн парламентке каралар да беш-ондоп кирип алды … Азыркы кезде Сооронбай Жээнбеков өзү “Биримдик” партиясын түзүп, аны парламентке алып келүүгө умтулууда. Бул партияга да олигарх-коммерсанттар, мурунку чиновниктер толтурулат. Айрым каралар кириши да ыктымал», — деп жазган ал.

Акматов «Азаттык» радиосуна анын бул посту ua.kg деген сайтка жарыяланганын билдирип, дал ошол басылмага чыккан макаланын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталганына токтолгон.

«Кыргызстанда Конституция боюнча адамдар өз оюн ачык билдирүүгө укуктуу. Мен республикада болуп жаткан саясий процесс боюнча көз карашымды, оюмду талдап жазгам. Ушундай иштер улана берсе кайда барабыз? 30-жылдардагы окуялар да күлкүлүү болуп калды», — деген ал.

Ошондой эле, ага карата болгон мындай мамилени өзүнүн саясий аракетине байланыштуу экенин белгилеген.

Президентке карата сын-пикир үчүн суракка алуу

Соцтармактарга бийлик башчыларына сын айткандары үчүн кысымга алынгандар буга чейин да болгон. Фейсбуктун колдонуучусу Айгүл Сарымсакова 22-июлда «За импичмент Сооронбая Жээнбекова» аттуу тайпада пикир калтырганы үчүн үйүнө милиция келгенин жазган.

Алар аялдын үйүнө келип соцтармакка кандай билдирүү жазуу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

«Алар минтип жазса болбойт, президент тууралуу мындай постторду андан бетер жарыяласа болбойт деп айтышты. Мунун баарына тыюу салынат. Аларга минтип айттым окшойт — өлкө менен, эл менен эмне болуп жатканын өзүңөр деле билесиңер. Өлкөдө абал кандай экенин [билесиңер]. Элдин 95%ы президентти колдобойт. Мен аларга ушинтип айттым», — деп Сарымсакова «Клоопко» айтып берген.

Ошондой эле, фейсбуктагы «Меместан» аттуу мыскыл-тамаша барагынын администратору Арген Бактыбек уулу жубайы экөө ИИМге суракка чакырылышкан.

В час ночи участковый пришел домой и оставил повестку. В час ночи! Мы теперь свидетели, а до этого вообще не знали кто...

Posted by Gena Kaparov on Thursday, 16 July 2020

Арген жарыялаган тергөө тапшырмасында суракка чакырууга «бийликти кемситкен маалыматтар» таралытылып жатканы себеп деп айтылган. Милиционерлер так кесе эмне «бийликти кемсинткенин» кабарлашкан эмес.Data Labдын журналисти Эркингүл Төлөн кызы суракка чакырууга «соцтармакта бийликти сындоо» себеп болгонун белгилеген.Мурдараак StandUp комедиялык шоусунун катышуучусу Назгүл Алымкулова да фейсбук барагында күбө катары УКМКга суракка чакырылганын билдирген.

Алымкулова суракка болжол менен тамашалуу дипфейк-видео үчүн чакырылган. Ал видеодо белгилүү рэпердин бети Кыргызстандын президентинин жүзүнө алмаштырылган эле. Кийинчерээк ал сурактан чыкканын, бардыгы жакшы экенин жазган.Бул бийликти сындоо үчүн жонөкөй жарандар суракка чакырылган биринчи эле учур эмес.

2019-жылдын августунда Бишкектеги дизайнер Никита Тарасенко да суракка чакырылган. Анда ал фейсбуктагы посту үчүн чакырылган эле. Дизайнер тергөөчүлөр менен жолугушууга өз барагында таасирдүү кыргыз аткаминерлери чагылдырылган коллажды жарыялагандан кийин чакырыла баштаган.

Коллажда ал президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековду тартып, алардын ортосуна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жайгаштырган. Дизайнер өзүнүн постун «Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» деп атаган.

Мындан тышкары, фейсбуктагы «БеспределКГ» аттуу тайпанын администратору Автандил Жоробеков дагы суракка чакырылган эле. Ал «аймак аралык касытыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталып, 24-ноябрда кармалган. Болгондо да, УКМКнын маалыматына ылайык, посттун кастыкты козутууга тиешеси жок, социалдык тармактардын колдонуучулары жөн гана комментарийде өз ара талашып-тартышышкан.

Ошол эле учурда «БеспределКГ» барагында бийликтин дарегине айтылган билдирүүлөр да жарыяланып турган.