Кара-Суу РИИБи «Кактус» басылмасынын журналистин суракка чакырды

«Кактус» басылмасынын журналисти Марат Уралиев Ош облусунун Кара-Суу РИИБине суракка чакырылды. Маалыматты Уралиев «Клоопко» тастыктап, учурда расмий чакырууну күтүп жатканын билдириди.

«Мага участкалык милиционер кечээ кечки саат ондордон кийин чалып, “Кара-Суу РИИБнин тергөөчүсү чакырып жатат” деди. Мен ага: “Сиз алгач кечинде чалып жатасыз, андан сырткары расмий чакыруу керек” дедим. Ал кечирим сурап, чакыруу эртең болот деп, телефонду өчүрүп салды», — деди Уралиев.

Журналист Кара-Суу РИИБнин тергөөчүсү аны эмне себептен чакырганын билбегенин кошумчалады. Ошондой эле ага расмий чакыруу келе элек.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ошол эле учурда ал Уралиев «Баястан» ресторанынын иши боюнча күбө катары чакырылганын божомолдоду.

«[“Баястан”] ресторанында той болуп жатат деп биринчи Марат барып тартканда, ошол үчүн күбө катары чакырылышы мүмкүн», — деди Аширбаев.

Буга чейин, 4-июлда, «Кактус» басылмасы Кара-Суу районундагы «Баястан» ресторанында 100дөн ашык адамдын катышуусу менен «кыз узатуу» тою өткөрүлүп жатканын билдирген. Аталган ресторанда Ош шаардык кеңешинин депутаттары Эсенбек Арзиев жана Турдубай уулу Акылбек — «Бир Бол» партиясыны лидери Алтынбек Сулаймановдун бир тууганы — да катышканы айтылган.

Милиция кызматкерлери тойкана карантин учурунда массалык иш-чара өткөргөнү үчүн Жоруктар жөнүндө кодексинин «Чектөө иш-чараларынын талаптарын бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Тергөө учурунда ресторандын ээсине буга чейин да айып пул салынып келгени жана тойкана 15 күнгө жабылганы белгилүү болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында той маарекелерге расмий тыюу салууну сунуштаган.