Ошто күйдүргү аныкталган мал ээсине жана аймактык ветеринарга айып пул салынды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылындагы күйдүргү аныкталган малдын ээсине 5 500 сом айып пул салынды. Ушундай эле өлчөмдөгү айып пулду аталган аймактын мал доктуру да төлөмөкчү.

Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиологу Насиба Бурханова билдирди.

11-августта Тогуз-Булак айылынын сегиз тургуну күйдүргү оорусуна шектелип бейтапканага жаткырылган. Анын биринен сибирь жарасы лабораториялык жактан тастыкталган. Ошондой эле, изилдөөнүн жыйынтыгында күйдүргү мал союлган жердеги топурактан да аныкталды.

Бурханованын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда оорусу бар малды союуга тогуз адам катышкан. Алар менен байланышта болгон жана анын этин жеген жалпы 288 тургун аныкталган. Алардын арасында 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар да бар. Баарына ооруну алдын алуу үчүн дарылар берилди.

Ал эми Ош облустук ветеринардык инспекциясынын башчысы Орозбек Ибраимов союлган мал буга чейин сибирь жарасына каршы эмдетилбегенин билдирди. Анын айтымында, малдын ээси буга чейин эки жолу малын эмдетүүдөн баш тарткан.

«Ал жаран өзү Нариман айылында жашайт, ал эми жайлоого Тогуз-Булак деген жерге барган. Малы ошол жакка барганда ооруп калган. Жайлоого чыгаардан мурун ветеринар эмдөөгө барганда ээси баш тартып, ошол бойдон чыгып кеткен. Бул боюнча малдын ээсинин бизде түшүнүк каты да бар», — деп түшүндүрдү Ибраимов.

Ал ошондой эле, Кара-Суу районунун мал доктуру Ош облустук ветеринардык инспекциясына эмдетилбеген мал тууралуу убагында маалымат бербегендиги үчүн айып пул салынганын кошумчалады.

Мындан сырткары Ибраимов учурда аталган аймакта 1 019 баш кара мал, 2 000ден ашык майда жандык, 30дан ашык жылкы жана 12 баш эчки кайрадан эмдөөдөн өткөнүн кошумчалады. Ошондой эле, 15 күнгө карантиндик чектөөлөр коюлуп, тургундарга мал базарга малдарын алып чыгууга жана малын союуга тыюу салынганын билдирди.

Ал эми мындан бир күн мурда Ибраимов күйдүргү чыккан жерге атайын топ келип залалсыздандыруу иш-чараларын жүргүзгөнүн айткан. Ошондой эле, таркатылган уйдун эти тургундардан кайтарып алынып, аны союуда колдонулган бардык шаймандар өрттөлгөн. Алар беш метр тереңдикте көмүлүп, үстү бетондолгон.

Тема боюнча:

Кара-Суу: Мал этин союп, бөлүп алган тургундар ооруканага түштү

Ош: Кара-Сууда күйдүргү катталгандыктан облус боюнча бардык мал эмделет