Күздө боло турчу парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген «Жаратман эл» жана «Агрардык саясий» партиясы өз убагында шайлоо фондусун ачпагыны үчүн тизмеден чыгарылышы мүмкүн.

Боршайкомдун маалымат кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, аталган партиялар өз учурунда шайлоо фондусун ачкан эмес.

«Азырынча “Жаратман эл” менен “Агрардык саясий” партиясы тизмеден чыгарыла элек. Анткени шайлоого катышам деген партияларды каттоо баштала элек. Азырынча саясий партиялар шайлоого катышуу ниетин гана билдиришти», — деп түшүндүрүштү БШКнын маалымат кызматынан.

Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, 20-августка чейин партиялар съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмелерин такташы керек. Ал эми парламенттик шайлоого катыша турган партияларды каттоо 24-августтан 3-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Буга чейин «Демократ» партиясы да шайлоого катышуудан баш тартканы кабарланган болчу. Боршайком аталган партиядан чындыгында ушундай билдирүү келгенин, бирок алар кайра телефон чалып берген билдирүүсүнөн баш тартканын кабарлады.

Ошентип бүгүнкү күнү парламенттик шайлоого катышуудан расмий түрдө «Кыргызстан коммунисттер партиясы» гана баш тартып, бул боюнча БШКнын отуруму өтүп, чечим кабыл алынган.

«Кыргызстан коммунисттер партиясынын» лидери Исхак Масалиев шайлоого катышуу үчүн белгиленген 5 млн сом күрөөгө акча жок болгондуктан алар шайлоого катышпай турганын «Клоопко» билдирген.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого катышуу ниетин башында 44 партия билдирген болчу. БШК партиялардан шайлоого катышуу боюнча билдирмелерди кабыл алууну 8-июлда токтоткон.

Эми парламенттик шайлоого катыша турган партиялар 5 млн сомдук күрөөнү атайын эсепке салышы керек.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын буга чейин кабарлашынча, 20-августка чейин ар бир партия съезд өткөрүп, өздөрүнүн 120 талапкерден турган тизмесин түзүп, ал эми 24-августка чейин тизмелерди БШКга тапшырууга үлгүрүшү керек.

Парламенттик шайлоо — 2020

Бийликтин шайлоону күзгө дайындоо чечими коомдо сынга кабылды. Айрым саясатчылар, депутаттар жана жарандар шайлоого кете турчу каражатты коронавирустун алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга жумшоо керектигин айтышты. Бирок мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан укуктук талаадан чыкпай турганын айтып, парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө болорун билдирген.

Алгач парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн 732 млн сом коротулары айтылган. Бирок кийин БШК чыгымдарды оптимизациялоо менен кете турган каражатты 446 млн 900 миң сомго чейин кыскартканын билдирген. Шайлоо коронавирус пандемиясы учурунда болуп жаткандыктан санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого 60 млн сом коройт.