COVID-19 жуктурган медиктердин саны 3 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 14-августка карата COVID-19 дагы 15 медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлашты.

COVID-19га чалдыккан медиктердин төртөө Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында үчтөн, Ош шаарында жана облусунда бирден медкызматкерде коронавирус аныкталды.

Мындан сырткары, акыркы суткада 17 медкызматкер илдеттен айыкты — алардын 14ү үй шартында дарыланган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 3 006га жетти — алардын 2 288и илдеттен айыкты. Мындан сырткары коронавирус жана пневмонияга чалдыккан ондогон медик каза болду — өкмөт 30-июлда 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун пандемиясы өлкөгө жеткенден тарта илдет менен күрөшкөн медициналык кызматкерлерге каралган кошумча төлөмдөргө 807 млн 200 миң сом жумшалганын билдирди.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.