Кадамжайда жубайларын сабаган эки кишиге карата сотко чейинки өндүрүш башталды

Шектүүлөрдүн сүрөтү. Сүрөт: Баткен ОИИБ

Баткен облусунун Кадамжай районунда 29-30-июль күндөрү эки аял күйөөлөрү тарабынан үй-бүлөөлүк зомбулукка кабылды. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Нурлан Шайбек уулу билдирди.

Биринчи окуя 29-июлда Кадамжай шаарындагы балдар ойноочу аянтчада болгон — шаардын тургуну жубайын сөгүп, сабаган. Натыйжада жабырлануучу аймактык ооруканасына кайрылган.

Анын эртеси күнү үй-бүлөлүк зомбулук фактысы Кадамжай районунун Халмион айылында катталды. 36 жаштагы Халмион айылынын тургуну мас абалында аялына зомбулук көрсөтүп, денесине залал келтирген.

Кадамжай РИИБинин кызматкерлери эки факт боюнча тең Жоруктар жөнүндө кодексинин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Жабырлануучу эки аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми Кадамжай райондук соту тергөө учурунда шектүүлөргө «башка жакка кетпөө» бөгөт кою чарасын тандап, үйлөрүнө коё берди.

Мыйзам боюнча, «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен күнөлүү деп табылган жарандар 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук иштер же төрт айдан алты айга чейин түзөтүү жумуштары менен жазаланат. Ошондой эле зордукчуга 30 миңден 60 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Эки ай мурун президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган. Ага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү адамды 48 саатка кармоо үчүн негиздер пайда болду.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.