Байыш Юсупов Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү болуп дайындалды

Байыш Юсупов

Өкмөттүн Ош облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды. Ал 17-августта эмгек жамаатына таныштырылды.

Байыш Юсупов буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл Узарбек Жылкыбаевдин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Жылкыбаев октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн өз калоосу менен 8-августта кызматынан кеткен.

Жаңы ыйгарым укуктуу өкүл 1957-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. Юсупов буга чейин пахта иштетүүчү өнөр-жай тармагында жана Кара-Суудагы «Ак алтын» акционердик коомунун башкаруучулугунун төрагасы болуп иштеген.

Ошондой эле, ал 1990-жылдан тарта Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып келген. 2009-жылы Кара-Суу районунун акими, ал эми 2013-жылы Ош обусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.