Ошто тургундардын акчасын алдап алып, кайтарбай жүргөн үч аял кармалды

Бир нече тургундун акчасын алдап алып, кайра кайтарбай жүргөн үч аял карлмалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык ичики иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын бири 41 жаштагы аял Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында мындан бир күн мурун кармалаган. Ал эми калган экөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жашынып жүргөн. Алар 18-августта Ош ШИИБдин криминалдык милициясы кызматы тарабынан кармалып, Ош шаарына алынып келинди.

«Ош ШИИБге 6-августта Ош шаарынын тургуну кайрылган. Ал 58 миң сомун алдыртып, кайра кайтара албай жүргөндүгү боюнча арызданган. Тактап айтканда, анын акчасын алган аял артыңдан канча көп адам алып келсең, сени миллионер кылам деп ишендирип, акчасын ушул күнгө чейин кайтарбай жүргөн», — деди Сыдыков.

Мындан сырткары Сыдыков каржы пирамидасын уюштурган аял Орусиянын жараны экендигин кошумчалады. Ошондой эле, кармалган аялдардын үстүнөн 12 жаран алданып калгандыгы тууралуу арыз менен кайрылышканын айтат. Аталган факт КЖБРге «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 8-августунда Орусиянын Москва шаарында Кыргызстанга жөнөтүү үчүн элчиликтин тизмесине киргизем деп кыргызстандыктарды алдаган эки кыргыз жараны кармалган. Алар Кыргызстандын Москвадагы консулдук бөлүмүнө мекенине кайтуу үчүн кайрылгандарга жардам сунуштап, акча алып изин жашырып турушкан.

ИИМдин өкүлчүлүгү Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте иш жүргүзүп, шектүү катары 30 жана 23 жаштагы тургундарды кармаган.