Шайлоо 2020: «Ак Шумкар» менен «Бүтүн Кыргызстан» партиялары бирикти

«Ак Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен биригүү чечимин кабыл алганын билдирди. Ал бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров менен жолугушуудан кийин жасаган кайрылуусунда айтты.

«Биз бир топ жолугушууларды өткөрдүк, азыр макулдашып чыктык. Бул макулдашуунун негизинде Мадумаров менен Сариев биригип, “Ак Шумкар” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирдиктүү шайлоого барат. Биздин астыбызда бүгүнкү күндө чоң чакырыктар турат: дүйнөдө болуп жаткан чоң кризис — пандемия. Муну биз биригүү жолу менен жеңишибиз керек», — деген пикирин Сариев видео кайрылууда билдирди.

Ошондой эле, жаңы саясий бирикме Кыргызстандын коронавирус пандемиясынын шартында пайда болгон экономикалык көйгөйлөрүн чечүү алар үчүн биринчи планда экенин маалымдады.

«Бир топ биздин мекендештерибиз кайтыш болду, бир топ завод, фабрикалар 4-5 айдан бери иштебей туруп калды. Экономикада жана бюджетте абдан чоң тартыштык болуп жатат», — деди мурдагы экономика министри.

Саясатчынын айтымында, анын бул маселелер боюнча жана Кыргызстандын чек арасына байланыштуу маселелер боюнча көз карашы Мадумаровдун ою менен дал келет.

«Саясатта ар түрдүү учурлар болот. Бирок жакын арада съезд өтөт, биз ошо съездге катышып, шайлоого чогуу барабыз. Алдыда чоң максаттар бар, аларды чогуу кылабыз, чогуу ийгиликке жетишебиз деп ишенем», — деп сөзүн бүтүрдү Сариев.

«Ак Шумкар» буга чейин шайлоого «Ата Мекен Жаңы Дем» саясий кыймылынын курамында барууга камынып жаткан, бирок 5-августта Сариев бирикмеден чыгарын билдирген.

Темир Сариев Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын бири. Ал өз ишмердигин эки палаталуу парламент убагында баштаган. Курманбек Бакиев президент болуп турганда оппозицияда болгон жана ал кулатылгандан кийин Убактылуу өкмөттүн курамында Каржы министрлигин жетектеген.

Ал бир нече жолу депутат болуп шайланып, президенттикке да талапкерлигин койгон. Сариев төрт жыл экономика министри, бир жыл премьер-министр болуп иштеп, Балыкчы - Корумду жолунун реконструкциясына байланыштуу чырдан улам отставкага кеткен.

Адахан Мудумаров — мурдагы журналист, саясатчы. Ал кыргыз парламентинин алгачкы үч чакырылышында иштеген, ошондой эле, жарым жыл спикер да болгон. 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген. УКМК 2019-жылы ал бул кызматта кол койгон протоколдорду текшерип жатканын билдирген.

Мадумаров 2010-жылдан бери «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партияны жетектеп келет. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышкан, бирок анда Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен.

Шайлоо 2020

Келе жаткан шайлоого катышуу үчүн башка партиялар дагы биригип жатышат. 15-августта «Бир Бол» менен «Демократ» партиялары бириккени тууралуу кабарлашкан. Ал эми андан бир күн мурда «Бирик» жана «Табылга» партиялары «Мекеним Кыргызстанга» кошулаарын билдиришкен.

Бирок, «Бириктин» Оштогу координатору партиянын мындай чечимине макул эместигин айткан. Ал эми «Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакиров партияда дагы толуктоолор болоорун маалымдаган.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Акыркы президенттик шайлоо жана андан кийинки Жээнбеков менен Атамбаевдин араздашуусу Кыргызстандагы саясий күчтөрдү түп тамырынан өзгөрттү.

Президенттик шайлоодон кийин куугунтуктоодон улам «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан кетти, ал эми партияда жаңы лидер — активдүү депутат Мирлан Жээнчороев пайда болгону менен, анда келе жаткан шайлоодо кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экени азырынча белгисиз.

Президенттердин араздашуусунан улам өлкөдөгү эң таасирлүү партия болгон КСДП бөлүнүп, башка партиялар үчүн атаандаш болбой калды. Андан Атамбаевдин уулдарынын «Социал-Демократтар» партиясы бөлүнүп чыккан, бирок анын лидер эмес экендиги анык.

Бийликтин жаңы партиясы болуп «Биримдик» эсептелет. Анын курамында шайлоого президенттин иниси депутат Асылбек Жээнбеков барат. Аны менен парламенттеги орун үчүн Матраимовдор кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы күрөшөт.

Белгилүү жана таасирдүү партиялардын арасынан шайлоодо «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Кыргызстан» катышат.