«Бирик» партиясынын Оштогу мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстанга» кошулууга каршы чыгышты

Дастан Мурзалиев

«Бирик» саясий партиясынын Ош шаарындагы мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен биригишине каршы чыкты. Билдирүүнү «Бириктин» Оштогу координатору Дастан Мурзалиев фейсбук баракчасында жарыялады.

«Биз Ош шаарындагы жаш, демилгелүү жаштар, “Бирик” саясий партиясы менен Ош шаардык Кеңешине шайлоого катышып, талакерлигибизди койгонбуз! Бирок бүгүнкү күндөгү жаңылыктардагы “Бирик” саясий партиясынын башка партияга бириккени тууралуу маалымат так болгон болсо, ал чечим менен макул эмесбиз! Биздин өзүбүздүн алдыга койгон иш-пландарыбыз, максаттарыбыз бар! Бул чечим бизге тууру келбейт!» — деп жазган Мурзалиев.

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясы «Бирик» жана «Табылга» партиялары менен бирге кезектеги парламенттик шайлоого катыша турганы белгилүү болду. «Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакировдун бул партия үчүн акыркы толуктоо эместигин билдирди.

«Мекеним Кыргызстан» Кыргызстандагы эң таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп эсептелет. Партиянын 12-августта өткөн саясий кеңешинин жыйынында депутат Искендер Матраимов да катышкан.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам ал белгисиз убакытка жылдырылган.