Акыркы суткада коронавирустан бир гана бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 19-августтагы брифингде акыркы суткада COVID-19га чалдыккан Баткен облусунун Лейлек районунан бир бейтап көз жумганын билдирди.

Калган аймактарда бейтаптардын өлүмү катталган эмес. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 054 киши көз жумду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-августтагы брифингде коронавирус жуктуруп каза болгон 1 498 бейтаптын 29 пайызы башка себептерден улам көз жумганын билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун ичинен 437 адамдын өлүмүнө COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар себеп болгону аныкталган.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 42 325ке жетти. Жалпысынан 35 197 киши аталган илдеттен сакайды.