Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42 507ге жетти — жаңы 182 учур катталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августка карата коронавирустун жаңы 182 учуру катталганын, алардын арасында 14 медкызматкер бар экенин айтты.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Жалал-Абад облусу — 44;

Баткен облусу — 37;

Бишкек шаары — 23;

Чүй облусу — 23;

Ош облусу — 20;

Ысык-Көл облусу — 13;

Талас облусу — 9;

Ош шаары — 7;

Нарын облусу — 6.

Ошондой эле, өткөн суткада 289 бейтап айыгып, бир киши көз жумду.

Расмий түрдө COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 42 507ге жетти — алардын арасында 3 059 медицина кызматкери бар. Ал эми бейрасмий маалымат боюнча өлкөдө 160 миңдей киши коронавируска чалдыгып, жеңил формада айыккан — алар ооруканаларга кайрылышпай, үй шартында дарыланышкан.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын 35 486сы айыгып, 1 055 киши каза болду. Учурда 1 309 бейтап ооруканаларда калууда. Ошондой эле, 4 427 киши үй шартында дарыланып жатат.

Эң көп бейтап Жалал-Абад облусундагы стационарларда дарыланып жатышат — 264. Ошондой эле, Ош облусунда — 224, Бишкек шаарында — 201, Ысык-Көл облусунда — 196, Чүй облусунда — 123, Баткен облусунда — 115, Ош шаарында — 74, Нарын облусунда — 58 жана Талас облусунда — 54 киши ооруканаларда калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.