«Мугалимдердин тизмесин бериңиз». БШК Касымалиева мектеп директоруна «басым жасады» деген маалыматты текшерет

Рахат Камбардинова / Аида Касымалиева

Борбордук шайлоо комиссиясынан «Клоопко» «вице-спикер Аида Касымалиева мектеп директору Рахат Камбардиновага басым жасады» деген маалымат текшерилип жатканын билдиришти. Аталган маселени БШКнын кызматкерлеринен турган ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу карап жатат.

Касымалиева менен мектеп директорунун тиреши

18-августта Орто Азия боюнча күрөш федерациясынын вице-президенти Нуркан Осмоналиев «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловга видеокайрлуу жасаган. Осмоналиев өз кайрылуусунда партиянын талапкери, вице-спикер Аида Касымалиева анын аялы Рахат Камбардиновага — Ош облусунун Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы №53 мектебинин директоруна — «басым» жасаганына даттанган. Осмоналиевдин айтымында, Касымалиева анын аялы жетектеген мектептин мугалимдери «башка партияга» иштеп жатканына доомат койгон.

«“Эжеке, эмне үчүн сиздин мугалимдер башка партияга иштеп жатышат? Сиз жетекчисиз, сиз жооп бересиз, азыр съезд бүтсүн, мен сиз менен жеке сүйлөшөм, азыркы мезгилде сиздин маселеңиз каралып жатат. Мен съездден барганча мугалимдердин тизмесин дайындап коюңуз” деп басым жасаганда жубайымдын кан басымы жогорулап, жатып калды», — деген Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Ош облусунун Өзгөн районундагы мектеп директору менен «Биримдик» партиясынын талапкери катары эмес, депутат катары сүйлөшкөн. Бул тууралуу «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

«Биринчиден, мындай сүйлөшүүнү коркутуу катары жарыялоонун эч кажети жок. Экинчиден, мектептин директору менен сүйлөшкөн учурда Аида Касымалиева “Биримдик” саясий партиясынан талапкер болуп шайлана элек болчу. Ошондуктан, бул сүйлөшүүнү "партия өкүлү коркутту" деп жарыялоого негиз жок», — деди Султаналиев.

«Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүттөө

Нуркан Осмоналиев анын аялы Аида Касымалиева деп сакталган контакт менен Whatsapp аркылуу жазышкандарынын скриншотторун да жарыялаган. Бирок Касымалиева жазгандардын дээрлик баардыгын өчүрүп салганына байланыштуу эмне тууралуу кеп болгонун түшүнүүгө кыйын болгон.

Камбардинова кийинчерээк «Кактус» басылмасына Касымалиева менен эмне тууралуу жазышканын ачыктаган — мектеп директору вице-спикердин каттарын сакталып калышы үчүн өзүнүн күйөөсүнө жиберүүгө үлгүргөн, бирок скриншот Касымалиева жазгандарын өчүргөндөн кийин жасалган.

«Мугалимдериңиз “Мекеним [Кыргызстанга]” агитация кылып жатышыптыр. Мугалимдер боюнча жоопкерчилик сизде. [...] Бул жакта каттуу коюлуп жатат сиздин маселеңиз. Мен дагы деле акыркы 5 жыл коргоп жүргөндөй эле коргоп жүрөмүн. Бардык мугалимдердин тизмесин берсеңиз», — деп Касымалиева жазган деп ишендирет Камбардинова.

Ошондой эле ал «барганда сүйлөшөбүз» деп, мектеп директоруна «ишеним кеткенин» айткан.

«Биримдик» партиясынан «Касымалиева мектеп жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, эч бир партиянын атынан үгүт жүргүзүүгө укугу жоктугун туура белгилеген» деп билдиришти.

Аида Касымалиева парламенттик шайлоого талапкер катары «Биримдик» партиясынын тизмесинде сегизинчи болуп турат. Аталган партия коомчулукта «бийликчил» деп айтылып келет. Ал эми Касымалиева мурдагы шайлоодо КСДП партиясы менен катышып, парламентке келген. Ал учурда аталган партия бийликчил болчу.

Буга чейин журналисттер «Биримдик» партиясынын Оштогу штабына муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору чогулганын ачыктаган. Алардын кээ бирлери штабга иш убактысында барган. Коомчулукта бул окуялар «административдик ресурсту пайдалануу» катары сыпатталган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган.