Өзгөндөгү мектептин директорунун күйөөсү Жогорку Кеңештин вице-спикери аялына басым кылганын айтты

Орто Азия боюнча күрөш федерациясынын вице-президенти Нуркан Осмоналиев 18-августта «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловго видеокайрылуу жасады.

Осмоналиев партиянын тизмесиндеги талапкер, Жогорку Кеңештин учурдагы вице-спикери Аида Касымалиева анын жубайына — Ош облусунун Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы №53 мектебинин директору Рахат Камбардиновага басым жасаганына даттанды.

"Биримдик" партиясынын төрагасы Марат Аманкуловго ачык кат!

Posted by Нуркан Осмоналиев on Monday, 17 August 2020

«Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева жолдошума телефон аркылуу байланышып: “Эжеке, эмне үчүн сиздин мугалимдер башка партияга иштеп жатышат? Сиз жетекчисиз, сиз жооп бересиз. Азыр съезд бүтсүн, мен сиз менен барып жеке сүйлөшөм. Азыркы мезгилде сиздин маселеңиз каралып жатат. Мен съездден барганча мугалимдердин тизмесин дайындап коюңуз” деп басым жасаганда, жолдошумдун кан басымы жогорулап жатып калды», — деди Осмоналиев.

Ошондой эле, Нуркан Осмоналиевдин баракчасында анын аялы ыктымал Аида Касымалиева менен Whatsapp аркылуу жазышкандарынын скриншоттору да жарыяланган.

Камбардинова менен жазышкан «Аида Касымалиева» аттуу контакт жазгандарынын дээрлик баардыгын өчүрүп салганына байланыштуу эмне тууралуу кеп болгонун түшүнүүгө кыйын. Ошол эле учурда мектеп директору «менин ордум аябай керек болуп жатса сага белек кыламын, шайлоонун алдында» деп жазганына караганда бул жерде Камбардинованы иштен алуу маселеси каралган болушу мүмкүн.

Ал эми вице-спикердин жардамчысы Сүйөрбек Аманов «Клоопко» айыптоолорду төгүндөдү.

«Эч кандай басым болгон эмес, эч кандай андай сөз болгон эмес ал жерде. Ал аял жөнүндө сиздер сураңыздар, башка жөнүндө сураңыздар — биз азыр унчукпайбыз. Мен бирөөнү жамандаганды жаман көрөм, бирөө жөнүндө жаман сөздү айтканды жаман көрөм», — деди ал.

Жыл башында Аида Касымалиева Өзгөн районундагы Кароол айыл айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, аталган мектепте капиталдык ремонт өткөрүү үчүн бюджеттен 28 млн сом бөлүнө турганын маалымдаган. Бул маалыматка таянсак Касымалиева мектеп директорун таанышы ыктымал.

«Биримдик» партиясынан шайлоого катышуучу талапкерлердин алдын ала тизмесинде Аида Касымалиева сегизинчи орунда. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ал эми буга чейинки шайлоого Касымалиева КСДП партиясы менен катышып, Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Муниципалдык кызматкерлерди чогулткан «Биримдик»

«Биримдик» коомдун арасында бийликчил партия деп айтылып келет. Бир жума мурун журналисттер партиянын Ош шаарындагы штабында муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери чогулушкан жеринен түз эфир беришкен. Анда депутат, партиянын мүчөсү Азамат Арапбаев журналисттерге «сыртка чыгып сайрагыла» деп айтып, штабдын короосунан кууп чыккан.

Ал эми коомчулукта бул окуя сынга алынып, «административдик ресурс колдонулуп жатат» деген пикирлер айтылган.

Ош шаардык мэриясынан кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгып, «Биримдиктин» жыйынына катышкан деп ишендиришкен. Бирок «Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов партиянын жыйынына иш убактысында барганы белгилүү болду.

Аталган партия буга чейин, 6-мартта, жергиликтүү кеңештерге өтчү шайлоонун алдында да Оштогу бир канча ЖОЖдордун ректорлорун, муниципалдык ишкана жетекчилерин жана алардын орун басарларын да иш убактысында чогулткан.