COVID-19 дагы тогуз медикте аныкталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-августта коронавирус дагы тогуз медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлады.

Ооруну жуктуруп алган медиктердин жетөө Жалал-Абад облусунда катталды. Ошондой эле Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден медиктен коронавирус аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирус жуктурган эки медкызматкер айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 3 110го жетти. Ал эми жалпысынан 2 387 кызматкер илдеттен айыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дан каза болгон медкызматкерлер тууралуу акыркы маалыматты 30-июлда берген — ал учурда каза болгон 73 медкызматкер тууралуу кабарланган.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Саламаттык сактоо министрлиги беш айдын ичинде коронавирус менен күрөшкөн медициналык кызматкерлерге каралган кошумча төлөмдөргө 807 млн 200 миң сом жумшалганын билдирген.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.