Ош: «Мекеним Кыргызстандын» талапкери фейсбуктагы посту үчүн милицияга чакырылды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Шайлообек Атазов 26-августта Ош ШИИБиге «профилактикалык сүйлөшүүгө» чакырылды . Бул тууралуу «Клоопко» мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Атазов фейсбукта «Биримик» партиясынын өкүлү, депутат Азамат Арапбаев тууралуу жазган посту үчүн суракка алынган.

«Мындай чагымчылдык материалдарды жазбоо тууралуу эскертүү берилип, жазган материалы экпертизага жиберилди», — деди ал.

Сыдыков талапкерге экспертизанын жыйынтыгына жараша чара көрүлөт деп кошумчалады.

«Мекеним Кыргызстан» & «Биримдик»

Буга чейин 23-августта Атазов өзүнүн фейсбук баракчасында пост жазып, анда «Биримдик» партиясынын өкүлү, депутат Азамат Арапбаевди «Оштогу кызматтардын жетекчилерине кысым жасап, паспортторду чогултууга» айыптаган.

«Ошто Азамат Арапбаев деген Кудаяр хан чыгыптыр! [...] Жетекчилерди кысып жатат деп ыйлашууда [...] Ар бир ишкана жетекчилерин чакырып паспорт топтотуп жатат экен. Бизге арызданып келишүүдө. Элди кысып президентти да элге жек көрсөтүүдө! Мен мындай адамдардын аракеттери токтобосо элдик чара көрүүгө барам», — деген ал.

Ошондой эле ал Арапбаев бул иштеринен кайтпаса «жаштар заправкаларын өрттөгөнү жатышат» деп эскерткен. Кийинчерээк талапкер постун өчүрүп, аны жакын досу суранганы менен түшүндүргөн.

Шайлообек Атазов мурдагы спортсмен, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты. Ал Кыргызстандагы эң таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жакын адамы деп айтылып келет.

Атазов Матраимовдорго таандык Оштогу EREM спорт клубун жетектеп, тренер катары да иштейт. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого барат.

Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.