Ош: «Биримдиктин» өкүлү паспорт чогултканын айткан Атазовго карата тергөө башталды

Азамат Арапбаев / Шайлообек Атазов

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Шайлообек Атазовго карата фейсбукстагы билдирүүсү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Буга чейин Атазов өзүнүн фейсбук баракчасында пост жазып, анда «Биримдик» партиясынын өкүлү Азамат Арапбаевди «Оштогу кызматтардын жетекчилерине кысым жасап, паспортторду чогултканын» айткан. Ошондой эле, ал бул иштеринен кайтпаса «жаштар заправкаларын өрттөгөнү жатышат» деп эскерткен.

Оштун милициясы бул пост үчүн Атазовду «профилактикалык сүйлөшүүгө» чакырып, анын сөздөрүн экспертизага жөнөткөн.

«Экспертиза Атазовдун сөзүндө “баш аламандыкка чакыруу” белгилери бар деп корутунду чыгарып берди», — деди Сыдыков.

Атазовго карата Жазык кодексинин «Массалык баш аламандыктарга чакыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ошол эле учурда Ош ШИИБи «Биримдиктин» өкүлү Арапбаевдин паспорт чогултканы тууралуу маалыматтын негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергөө баштады.

Парламенттик шайлоого катышуучу «Биримдик» партиясы бийликчил, ал эми «Мекеним Кыргызстан» өлкөдө таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп эсептелет. Кыргызстанда шайлоо 4-октябрда өтөт.