«Биримдиктин» талапкери Улан Бакасовдун фейсбук баракчасы «белгисиз себептерден» өчүрүлдү

Улан Бакасов

«Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовдун 30-августта ачылган фейсбук баракчасы «белгисиз себептерден» улам өчүрүлдү. Бул тууралуу анын өкүлү Майрамбек Өмүрбаев билдирди.

Бакасов кайрылуусун «социалдык баракчага ич күйдүүлүк кылгандар дагы болот экен» деп баштаган.

«Атаандаштарыма айтарым күчүбүздү башка жактан сынашалы! Социалдык тармактагы баракча — элим менен ачык баарлашуу үчүн ачылган. Элим менен байланышымды көрө албастык аркылуу үзө албайсыңар! Бул баракча чек эмес! Дагы онду, жүздү ача берем!» — деген Бакасов.

*Негизинен Фейсбукта баракчалар көптөгөн колдонуучулар даттангандан кийин фейсбуктун администрациясы тарабынан өчүрүлөт. Соцтармактын колдонуучулары эмне себептен Бакасовдун баракчасына даттанганы белгисиз.

Улан Бакасов — ишкер — ал пандемия учурунда Нарын облусттук ооруканасына 30 кычкылтек концентраторун жана 9 реанимобиль өткөрүп берип, элге гумжардам таратып жүргөнү менен таанымал. Кезектеги парламенттик шайлоого катышуучу «Биримдик» партиясынын тизмесинде Бакасов алтынчы орунда. Аталган партия «бийликчил» деп эсептелет.

Буга чейин социалдык тармактарда Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусурканов жергиликтүү тургундардан шайлоодо Улан Бакасовду колдоп берүүнү суранган видеосу тараган. Мусурканов Бакасов ага «300дөн кем эмес добуш алып берүүнү суранып, ал үчүн тургундарга 500 миң сом накталай акча берерин айткан» деп ишендирген. Бирок ишкердин өкүлү Майрамбек Өмүрбаев тасмадагы маалыматтар чындыкка дал келбейт деген пикирде.