Онлайн майрам. Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чара өттү

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү. Аянттагы майрамдык иш-чаралар онлайн алып берилүүдө — аларды мамлекеттик телеканалдардар түз эфирден көрсөтүүдө.

Мурдараак, коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эпидемиологиялык кырдаалдан улам массалык жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөрүн билдирген, бирок мэрия аянтта тез жардам машинасы, бир өрт өчүрүүчү бригада жана ШИИБдин толук курамы иштерин убадалаган.

Кыргызстандыктар иш-чараны онлайн гана көрө алышат, бирок аянтка барып көргөндөр да бар. Алардын арасында президент Сооронбай Жээнбеков, парламент спикери Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөмбиев, экс-президент Роза Отунбаева жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов бар. Мындан тышкары, иш-чарага медиктер жана милиционерлер чакырылган.