Төкмө акын Аалы Туткучев борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарада мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго сот, бажы, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү айтып ырдады.

Аалы Туткучев эл арасында биринчи байлык ден соолук деген түшүнүк калыптанып калганын айтып, бирок эң биринчи байлык эркиндик деген оюн билдирди.

Биринчи байлык ден соолук деген сөз жашайт кылымда,

Ден соолуктан дагы, эркиндик кымбат деп ойлойм чынында.

Ал кандайча экенин айтып көрөйүн ырымда,

Ден соолугу тың болсо, булчуңу таштай чың болсо,

Эмнеси кызык жашоонун эрки жок байкуш кул болсо.

Эркиндикте жашасын, эли журтум мекен жер,

Ден соолук тургай ал үчүн өмүрүн берген нечендер.

Эр Манас баштап баатырлар, кечээ Токтогулдай акындар,

Төрөкул, Жусуп, Касымдар, Курманжандай асылдар эркиндик үчүн күрөштү,

Кан менен келчү эркиндик канча өмүрлөрдү түгөттү.

Акын андан сырткары эски система медицинаны чиритип жок кылганын да белгилеп ырдады. Бирок ага карабай ак халатчандар өчүп бараткан үмүттү жандырып, күнү-түнү элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштегенин айтты.

Мына чириген эски система бир кезде медицинаны чиритти,

60 миң долларга тез жардам алып ийишти,

Ага дагы карабай ак халатчандар бирикти.

Эркиндик үчүн күрөшүп чоң майданга киришти,

Найзасы менен эмес вирусту ийнеси менен сүрүштү.

Доктурларга миң алкыш жандырды өчөр үмүттү,

Милиция, солдаттар күн-түнү кызмат өтөдү,

Анкени кымбат аларга эгемен эркин мекени.

Төкмө акын аянтка келген президенттин жана жогорку соттун төрайымынын алдында да өлкөдөгү көйгөйлөрдү айтып ырдады. Мисалы адилетсиз соттор тааныш-билиши жок кембагалдарды кордоп жатканын айтты. Ошондой эле бажыдагы так эмес, жең ичинен бүткөн айрым маселелерге дагы токтолду.

Азыр болсо калайык көргөндү ырга салалык,

Эгемен күнү болгондо Ала-Тоо аянт борбордо,

Президентибиз баштаган аттуу-баштуу чоңдорго,

Эркин акын катары алган соң комуз колдорго,

Уруксат бекен эл үнүн жеткирип айтып койгонго.

Эл бийлигин тымызын тоноп жаткан чоңдор көп,

Сол чөнтөккө байкатпай солоп жаткан чоңдор көп,

Чоң эле аты болбосо чоң уурдаган ворлор көп,

Болбосо тагдыр менен ойногон,

Таанышы жокту кордогон таш жүрөктүү соттор көп.

Чалмакейди чалышкан, чакалап акча алышкан,

Таможняда, посттор көп,

Урнаны ээлеп алышкан, уурдап добуш салышкан,

Шайлоочу дүжүр досттор көп.

Чала сабат чачтан көп , таанышы барлар таштан көп,

Көмүскө далай иштерди, көрсөтпөй жасап жаткан көп.

Ушул иштин баардыгын санарипке өткөрсө,

Эфирден карап онлайн эл дагы кошо текшерсе.

Мыйзамсыз иштер азайып, жасалбайт эле эч нерсе,

Көмүскө иштер болбосо, эл көрөт деп ойлосо,

Өз байлыгын тонотпой, эл дагы өзү коргосо.

Эркиндикке элимди алып бара турчу жол да ошо,

Сотту дагы элдер караса, постту дагы элдер караса,

Эмнелер кирип чыкканын эл эсептеп санаса,

Эл бийлиги бийиктеп, жашообуз болмок тамаша.

Туткучев сөзүн жыйынтыктап жатып, ишкерлерди тойкана эмес билимкана салууга чакырды. Ошондой эле, чек ара маселеси да чечилсин деп белгилеп өттү.

Ырдаган сайын эмнедир ырдагым келет сөз кысып,

А бирок токто деп жатат каптал жактан көз кысып,

Токтосо бирок токтоюн, токсон мүнөт созбоюн.

Соттун баары так иштеп, таможный а так иштеп,

Милиция а түз иштеп, окуу жайлар бүт иштеп.

Той менен атаандашкандар эмгек менен жарышсын,

Алганды жакшы көргөндөр акча эмес билим алышсын.

Тойкана салган ишкерлер билимкана салышсын,

Онтогондор оорудан куландан соо айыксын,

Кылаар иш жок врачтар телефон чукуп калышсын,

Ыймандуу жана билимдүү жаштар өсүп жетилсин,

Ынсап берип коңшуга, чек аралар чечилсин.

Ынтымак болсо ырыс бар, ырыс бар жерде жылыш бар,

Жылыш үчүн биригип, улуудан кеңеш угуш бар.

Бакыт менен таалайдын барар жери ынтымак,

Беттешкен жоону биригип алар жери ынтымак,

Кор кылбастан кудайдын колдоор жери ынтымак.

Айыл-калаа шаар дагы, өлкөнүн бардык аймагы,

Өркүндөп өсүп гүлдөсүн бүтүндөй кыргыз тармагы.

Желбиресин эң бийик эркиндиктин байрагы,

Куттуу болсун мекеним эгемендиктин майрамы.

Быйыл Кыргызстан Эгемендүүлүктүн 29-жылдыгын белгилеп жатат.

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтында уюштурулган майрамдык театрлаштырылган иш-чарага саналуу гана кишилер катышып, ал түз эфирде КТРК жана башка каналдардан көрсөтүлдү. Бул салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, парламент спикери Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөмбиев, экс-президент Роза Отунбаева жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов катышты. Мындан тышкары, иш-чарага медиктер жана милиционерлер чакырылган.