1-сентябрда жыйынга келген депутаттар

Бүгүн, 1-сентябрда, эки айлык каникулдан кийин жумушка чыккан парламент депутаттары 3-сентябрга чейин тыныгуу алышты. Алгачкы жыйында 81 депутат каттоодон өттү.

Жыйын салтанаттуу түрдө гимн менен ачылды.

Төрага Дастан Жумабеков коронавирус пандемиясынан каза болгон жалпы кыргызстандыктардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Маркумдардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты дагы бар экенин белгиледи. Алардын жаркын элесин бир мүнөт эскеришти.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Андан сырткары Парламенттин экс-спикери Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болгон.

Жыйында Дастан Жумабеков бүгүнтөн тарта Жогорку Кеңештин комитеттери ишин баштарын айтып, аларга өкмөттөн келген тез арада кабыл алынышы керек болгон мыйзам долбоорлорун ыкчам кароону тапшырды.

Жумабеков андан сырткары Жогорку Кеңеш 3-сентябрдан тарта жыйынын баштарын айтып, ага чейин танапис жарыялады.

Ал ортодо «Караван» соода борборунда иштегендер Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты. Чогулгандардын айтымында, алар Мамлекеттик мүлк фондунун «Караванды» электрондук тоорук тизмесине киргизгенине каршы болууда.

аягы