90 жаштагы Аваз Кыргызбаев

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда бейтааныш кишинин токмогуна кабылган пенсионер тосмо арыз жазып берди. Анткен менен 24.kg маалымат агенттигинин жазышынча, карыянын сабалышы боюнча иш сотко жиберилген.

«Жабырлануучу тосмо арыз жазып берип, кол көтөргөн кишини кечирди. Бирок ага карабастан кылмыш иши тергелип бүтүп, иш сотко жөнөтүлдү», — деп 24.kg агенттигине облустук милициядан кабарлашкан.

Бир ай мурун 90 жаштагы Аваз Кыргызбаев бейтааныш киши тарабынан сабалган. Кийин ал ооруканага жаткырылып, операция жасалган.

Аталган факты КЖБРге «Бейбашчылык» беренеси менен катталган. Милиция шектүү катары Базар-Коргон районунун 60 жаштагы тургунун кармаган.

Ушундай эле окуя, Кара-Суу районунда дагы катталган. Август айынын ортосунда белгисиз киши эшикте отургучта отурган 81 жаштагы карыяга кол көтөрүп, аны башка-көзгө бир нече жолу чапкан.

Кийин бул ишке шектүү катары 36 жаштагы киши кармалган. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, милиционерлер шектүүнү өз үйүнөн кармашкан. Бирок ал каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, укук коргоо органдарынын биринин денесине жаракат келтирген.

Жабыр тарткан карыя ооруканага жеткирилип, буту сынганы аныкталган. Ал эми шектүүгө «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголду. Ал ошондой эле, мурда үч ирет «Уурулук» жана «Мал уурдоо» беренелери менен соттолгону белгилүү болгон.