«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын БШКнын шайлоодон четтеткени боюнча ишти Бишкектин административдик соту бүгүн карайт. Бул тууралуу партиянын өкүлү Айданбек Акматов «Клоопко» билдирди.

«Бүгүн саат 16:30да Бишкектин административдик сотунда биздин арыз каралат», — деди Акматов.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тарткан. Алардын мындай чечим кабыл алышына аталган партия менен шайлоого аттанып, кийин тизмеден чыгарылган Турсунбай Бакир уулунун арызы себеп болгон. Ал партиянын съездинде кабыл алынган тизме кийин өзгөртүлүп, БШКга тапшырылганын билдирген. Боршайком 2-сентябрда Бакир уулунун арызын карап, тизмеге байланышкан партиянын ички иштерине алар кийлигише албасын айтып, сотко кайрылууну сунуштаган.

Бирок БШК бир күндөн кийин өз чечимин таптакыр өзгөрткөн. Боршайкомдун жыйынында партиянын съездинде кабыл алынган тизме чындап өзгөртүлгөнү айтылып, андан сырткары добуш берүү купуялуулугу сакталган эмес деген дооматтарды келтирилди.

3-сентябрдагы жыйын учурунда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоо боюнча чечимдин долбоору бардык мүчөлөрдүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн айтты. Бирок бир сааттык тыныгуудан кийин ал чечим өзгөрүп кеткен. Мындан улам Абдрахматова Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы ишеним көрсөтпөй турганын билдирди. Ошондой эле, «Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан жаңы чечимдин документин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок төрайым ал документти көрсөтө алган жок.

Партиянын лидери БШКнын чечимин саясий чечим деп атап, өз укуктарын мыйзам талаасында коргой турганын айткан.

Боршайкомдун чечимине кийин партиянын тарапташтары Бишкекте, Ошто жана Москва шаарында Кыргызстандын элчилигинин алдында акция уюштурушкан. Мадумаров өз тарапташтарын укуктарын коргоого чакырган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда.