сүрөт: Kaktus media

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын үстүнөн жазган арызын карап баштады.

Учурда сот имаратынын алдына партиянын тарапташтары чогулуп, соттон адилет чечим чыгарууну талап кылып, «Бүтүн Кыргызстан, акыйкат чечим» деген ураандарды чакырып жатат. Эл чогулган жердеги коомдук коопсуздукту сактоо үчүн милиция кызматкерлери дагы тартылган.

Партиянын атынан шайлоого катышуу ниетин билдирген Курсан Асанов журналисттердин суроолоруна жооп берип, БШК бир адамдын арызы менен жүз миңдеген кишинин укуктарын тепселеп жатканын айтты.

«Арам менен адалдын, абийир менен акчанын, ак менен каранын ортосунда күрөш жүрүп жатканда тилекке каршы, БШКнын мүчөлөрү башка тарапты тандап алды. Бир адамдын арызы менен 200-300 миң деген партиянын тарапташтырынын укугун тебелеп таштады», — деди ал.

Асанов БШКнын мүчөлөрү өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чапкандык менен пайдаланганын кошумчалады. Ошол эле маалда «эгерде чындап акыйкаттуу, демократиялык коомдо жашап жатканыбыз чын болсо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого сөзсүз катышышы керек» деген пикирин айтып, сот акыйкат чечим чыгарат деген ишеничте экенин билдирди.

Сот отуруму башталганга чейин партиянын лидери Адахан Мадумаров дагы журналисттердин суроолоруна жооп берип, кыргыз сотунан баарын күтсө болорун айтты.

«Кыргызстанда баары өсөт дегендей кыргыз сотунан бардыгын күтсө болот. БШКнын кабыл алган чечиминен кийин эч нерсеге таң калбаш керек. Бизде мыйзамдын, Конституциянын талаптары иштебейт. Буйрук кандай болот, кожоюн эмне дейт деп карап турушат. Кожоюн эмне дейт деп карап турган болсо анда бир нерсени айтыш кыйын», — деди ал.

Мадумаров ошондой эле, Кыргызстандагы эң кыйын деген адвокаттар менен кеңешүү болгонун жана партияны каттабай коюуга ийненин учунчалык дагы жылчык жок экенин айтып ишендирди.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тарткан. Алардын мындай чечим кабыл алышына аталган партия менен шайлоого аттанып, кийин тизмеден чыгарылган Турсунбай Бакир уулунун арызы себеп болгон. Ал партиянын съездинде кабыл алынган тизме кийин өзгөртүлүп, БШКга тапшырылганын билдирген.

Анткен менен Боршайком 2-сентябрда Бакир уулунун арызын карап, тизмеге байланышкан партиянын ички иштерине алар кийлигише албасын айтып, сотко кайрылууну сунуштаган.

Бирок БШК бир күндөн кийин өз чечимин таптакыр өзгөрткөн. Боршайкомдун жыйынында партиянын съездинде кабыл алынган тизме чындап өзгөртүлгөнү айтылып, андан сырткары добуш берүү купуялуулугу сакталган эмес деген дооматтарды келтирилди.

3-сентябрдагы жыйын учурунда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоо боюнча чечимдин долбоору бардык мүчөлөрдүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн айтты. Бирок бир сааттык тыныгуудан кийин ал чечим өзгөрүп кеткен. Мындан улам Абдрахматова Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы ишеним көрсөтпөй турганын билдирди. Ошондой эле, «Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан жаңы чечимдин документин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок төрайым ал документти көрсөтө алган жок.

Партиянын лидери БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, өз укуктарын мыйзам талаасында коргой турганын айткан.

Боршайкомдун чечимине кийин партиянын тарапташтары Бишкекте, Ошто жана Москва шаарында Кыргызстандын элчилигинин алдында акция уюштурушкан. Мадумаров өз тарапташтарын укуктарын коргоого чакырган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда.