Коронавирус дагы 55 кишиден аныкталды, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-сентябрдагы брифингде коронавирустун жаңы 55 учуру катталганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын 19нда COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 36сында клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 13;

Жалал-Абад облусу — 11;

Бишкек — 12;

Ысык-Көл облусу — 9;

Ош облусу — 5;

Чүй облусу — 2;

Талас облусу — 2;

Ош шаары — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 458ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 701. Ал эми Чүй облусунда — 5 423, Ош облусунда — 4 185, Жалал-Абадда — 4 309, Ысык-Көлдө — 3 822, Ош шаарында — 3 409, Баткенде — 2 460, Нарын облусунда — 1 722 жана Талас облусунда — 1 427 учур катталды.

Ошондой эле 39 960 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 601 бейтап калууда. Инфекция жалпы 1 061 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада өлкө боюнча дагы беш медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада үч медик айыкты жана 12 медик үй шартында дарыланып чыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 157ге жетти, анын ичинен 2 579 медкызматкер илдеттен айыкты.