сүрөт: Kaktus media

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын үстүнөн жазган арызын карап, аны канааттандырды.

«Сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын административдик доосун канааттардырып, БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапты», — деп окуду өкүмдү судья Анар Эгембердиева.

Эгембердиева соттун чечимин өкүп жатканда толкундангандай таасир калтырды.

Соттун чечимин БШК Жогорку сотто кассациялык тартипте үч күндүн аралыгында даттана алат.

Мадумаров соттон кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин айтып келгенин жана аны сот дагы тастыктаганын айтты. 

«Саясий иштер менен алектенип, мыйзамдуу иштерди карабай калды деген сөзүбүдү сот далилдеп берди», - деди ал.

Партиянын тарапташтары сот имаратынын алдында митинг өткөрүп, соттон адилет чечим чыгаруусун талап кылып турушкан болчу. Алар колдоруна партиянын желектерин көтөрүп алышкан.

Чогулгандардын алдына чыккан Мадумаров тарапташтарына ыраазычылык билдирип, үгүт иштерине эртеңден баштап батыл кирише турганын айтты.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү түз алып көрсөтүлгөн жок

Бишкектин административдик соту күбө катары чакырылган БШКнын мүчөлөрүнүн көрсөтмөсүн түз алып берүүгө чектөө койду. Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шугуралиеванын айтымында, мындай кадам күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүн бири-бири көрбөшү үчүн жасалган.

«КР административдик процессуалдык кодексине ылайык төрага кылуучу судья суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен баарлашпасы үчүн ушундай кадамга барды. Бул мыйзамда дагы көрсөтүлгөн, анткени суракка кирип чыккан күбө экинчи күбө менен сүйлөшпөшү керек», — деди ал.

Күбөлөр сурак берип бүткөндөн кийин сот жыйынынын аудио форматында гана түз алып берүүгө уруксат берди.

Буга чейин, 7-сентябрда, Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстандын» БШКнын үстүнөн жазган арызын карап, 9-сентябрда боло турчу отурумга БШКнын мүчөлөрү — Атыр Абдрахматованы, Кайрат Осмоналиевди, Акылбек Эшимовду жана БШКнын аппаратынын айрым кызматкерлерин күбө катары чакыруу сунушун канааттандырган.

«Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан эки чечим

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тарткан. Алардын мындай чечим кабыл алышына аталган партия менен шайлоого аттанып, кийин тизмеден чыгарылган Турсунбай Бакир уулунун арызы себеп болгон. Ал партиянын съездинде кабыл алынган тизме кийин өзгөртүлүп, БШКга тапшырылганын билдирген.

Анткен менен Боршайком 2-сентябрда Бакир уулунун арызын карап, тизмеге байланышкан партиянын ички иштерине алар кийлигише албасын айтып, сотко кайрылууну сунуштаган.

Бирок БШК бир күндөн кийин өз чечимин таптакыр өзгөрткөн. Боршайкомдун жыйынында партиянын съездинде кабыл алынган тизме чындап өзгөртүлгөнү айтылып, андан сырткары добуш берүү купуялуулугу сакталган эмес деген дооматтарды келтирилди.

3-сентябрдагы жыйын учурунда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоо боюнча чечимдин долбоору бардык мүчөлөрдүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн айтты. Бирок бир сааттык тыныгуудан кийин ал чечим өзгөрүп кеткен.

Мындан улам Абдрахматова Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы ишеним көрсөтпөй турганын билдирди. Ошондой эле, «Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан жаңы чечимдин документин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок төрайым ал документти көрсөтө алган жок.

Партиянын лидери БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, өз укуктарын мыйзам талаасында коргой турганын айткан.

Боршайкомдун чечимине кийин партиянын тарапташтары Бишкекте, Ошто жана Москва шаарында Кыргызстандын элчилигинин алдында акция уюштурушкан. Мадумаров өз тарапташтарын укуктарын коргоого чакырган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага «Бүтүн Кыргызстанды» кошпогондо 15 партия ат салышууда.