Ошто №5556 шайлоо участогунан журналистти кууп чыгышты

Жусупбек Кошмат уулу. Сүрөт: Кошмат уулунун фейсбук баракчасынан алынды

Ош шаарында «5-каналдын» кабарчысы жана оператору Жусупбек Кошмат уулу 8-сентябрда №5556 шайлоо участогунан камерага тартканга уруксат бербей кууп чыгышты. Кошмат уулу фейсбукта жарыялаган тасмадан белгисиз киши аны «бар чык» деп айтканын көрүүгө болот.

«Эмне үчүн кооптуу жайдай шайлоого болгон даярдыкты чагылдырууга тоскоолдук кылышат? Тиешелүү кызматкерлердин аракетинен эмнени түшүнсө болот? Же алар жаап жашыра турган былык иштери барбы?» — деп суроо салган Кошмат уулу.

Тасмадагы эки аял шайлоо участогу азырынча даяр эместигин айтып, башка участокту тартууну айтышкан. Бир аздан кийин спорт кийимчен эркек киши журналисттерди сыртка чыгууну талап кылган. Ошондой эле ал өзүн тааныштыруудан баш тарткан.

«Мен эмнеге өзүмдү тааныштырышым керек? Сен “5-каналдын” оператору болсоң мен 6-каналдын оператору болом. Эмне болду?» — деген спорт кийимчен киши.

Ошол эле учурда аталган шайлоо участогундагы кызматкерлердин бири оператордун аты-жөнүн сурап, аларга жазып калууга буйрук келгенин айткан.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев «Клоопко» аталган тасма тууралуу кабары жок экендигин билдирди.

«Учурда жаңы участкаларын түзүп жатабыз. Ушул жумуштарым бүткөндө, кечирээк видеотасманы көрүп чыгып анан жооп берем», — деди Арынбаев.

Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү мыйзамдын «Журналисттин укуктары» тууралуу беренеде журналисттин маалымат чогултууга, талдоого жана жайылтууга укугу бар экенидиги жазылган. Ошондой эле, журналист мамлекеттик органдардан, жарандардын өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга укуктуу.

Пандемияда өтө турчу парламенттик шайлоо

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган. БШК шайлоо учурунда коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык санитардык талаптар сакталаарын бир нече жолу билдирген.

Бийликтин күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүү чечими коомдун нааразылыгын жараткан. Көптөгөндөр шайлоого бөлүнгөн акчаларды коронавирус менен күрөшүү үчүн врачтарга дары-дармек, жеке коргонуу каражаттарын жана меджабдыктарды алып берүүгө жумшоо керек деген оюн айтышкан.

Активисттер, айрым партиялар жана депутаттар шайлоону башка убакытка жылдууну да сунуштап чыгышкан. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» курган мегинде шайлоо жылдырылбасын айткан.

Шайлоого даярдануу жана аны өткөрүүгө байланыштуу чыгымдардын бардыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.

Алгач шайлоону өткөрүүгө 732 млн сом бөлүп берүү пландалган эле. Бирок БШК кийинчерээк «шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдар оптимизацияланып», чыгымдарды 446 млн 900 миң сомго чейин азайтылганын билдирген.

БШК санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыздоо үчүн 60 млн сом бөлүнөөрүн билдирген.