Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетенинде кайсы партия канчанчы орунда болорун аныктоо үчүн чучукулак өткөрдү. Боршайкомдун маалымат кызматы чучукулак кармоо ачык форматта өткөнүн билдирди.

Ошентип шайлоо бюллетенинде биринчи орунда бийликтин партиясы делген «Биримдик» болмой болду. Ал эми Матраимовдордун кланы менен байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» бюллетенде 4-орунда жайгашты. 

Шайлоо бюллетенинде орун алган бардык партиялардын тизмеси төмөндөгүдөй:

1. «Биримдик»;

2. «Мекенчил»;

3. «Ыйман Нуру»;

4. «Мекеним Кыргызстан»;

5. «Реформа»;

6. «Ата Мекен»,

7. «Замандаш»,

8. «Бүтүн Кыргызстан»,

9. «Социал-Демократ»,

10. «Мекен Ынтымагы»,

11. Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы;

12. «Ордо»;

13. «Бир Бол»;

14. «Республика»;

15. «Кыргызстан»;

16. «Чоң Казат».

Ошондой эле, шайлоо бюллетенинин тексти менен формасы дагы аныкталды.

Жалпысынан 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Алардын ичинен эки партия — «Кыргызстан» менен «Бүтүн Кыргызстан» Боршайком менен соттошуп, шайлоого катышуу укуктарын сот аркылуу калыбына келтирди. «Кыргызстан» партиясы керектүү документтерди партиянын өкүлү тапшырган эмес жана белгиленген убакыттан кеч калган деп айыпталса, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына БШКга талапкерлердин өзгөртүлгөн тизмесин тапшырган деген кине коюлган.