Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / «Азаттык»

«Биримдиктин» талапкерлери Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда үгүттөө иштерин жүргүзүшүүдө. Партия жергиликтүү эл менен жолуккан учурда иш-чарага келгендердин арасында мектеп мугалимдери, бала бакчанын тарбиячылары жана муниципалдык кызматкерлердин тобу байкалды.

Алгач «Биримдик» партиясы Араван районундагы Маданият үйүндө тургундар менен 8-сентябрда жолуккан — ал жерде 200гө чукул адам чогулган. Анда КСДП фракциясынын депутаты, «Биримдиктин» талапкери Өмүрбек Бакиров жана башка талапкерлер алардын партиясына шайлоого үгүттөшкөн.

«Биримдиктин» иш-чарасына катышкандардын көпчүлүгү беткапсыз жүрүшкөн жана социалдык аралык сакталган эмес. Залда орун жетпей калгандар туруп катышууга аргасыз болушкан. Алардын арасында жаш балдары бар аялдар да болгон.

Өмүрбек Бакиров Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Ал «Биримдик» партиясынын тизмесинде 30чу орунда.

Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / «Азаттык»

*Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышуучу партияларга шайлоочулар менен жолугушпоону сунуштаган. Ошондой эле БШК 50дөн ашуун адамды бир бөлмөгө чогултууга мыйзам жол бербешин эскерткен. Бирок саясий партиялар бул эрежелерди одоно бузуп келет.

Аравандын Маданият үйүндө чогулгандардын кээ бирлери журналисттерге маек курушуп, «Биримдиктин» талапкерлеринин жолугуусуна «өз ыктыяры» менен келишкенин белгилешкен. Алардын арасында балдар бакчаларында иштегендер да болгон.

Ал эми Абдулхамид Кадыров атындагы мектебинин кызматкерлеринин бири Саадатхан Абдуганиева алардан «25ке жакын мугалим» келгенин айткан.

«Бизди бул жака...өзүбүз кызыгып келдик [...] Биз агитатор болгон жокпуз, агитатор эмеспиз азыр», — деген Абдуганиева.

Ошол эле учурда атын атагысы келбеген айрым мугалимдер мектептин директорунун тапшырмасы менен келишкенин ачыкташкан. Бирок интервью берүүдөн баш тартышкан. Мындан сырткары «Азаттыктын» журналисти мугалимдерди алып келген атайын уюштурулган маршруттук таксилерди да көргөн.

Анткен менен «Биримдиктин» басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Аравандагы жыйынга мектеп кызматкерлери катышпаганын «Азаттыкка» билдирген.

«Жалаң гана партиянын мүчөлөрү, партиянын тарапташтары катышкан. Ал жерде эч кандай мектептердин, ооруканалардын кызматкерлери катышкан эмес. Андай маалымат жалган», — деген Султаналиев.

Анын эртеси күнү «Биримдиктин» башка талапкери, парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева, Өзгөн районундагы Кароол айылынын тургундары менен жолугушту. Үгүт иш-чарасы чакан сейил бакта өтүп, ага 50гө жакын гана киши катышты.

Сүрөт: Сүйөрбек Аманов

Бирок бир күн мурда Касымалиеванын жардамчысы Сүйөрбек Аманов Мырза-Арык айылындагы жолугушуудан сүрөттөрдү жүктөгөн. Ал жерде чогулган 100дөн ашуун тургундардын арасында мектеп мугалимдери да болушу ыктымал.

Сүрөт: Сүйөрбек Аманов

Анткени буга чейин «Клооптун» Оштогу бюросуно Кароол айыл өкмөтүндөгү Бөрү Асранкулов атындагы мектептин мугалимдери кайрылып, Касымалиеванын иш-чарасына чогулуп жатышканын билдиришкен. Атын атагысы келбеген мугалимдердин бири мындай тапшырманы окуу жайдын жетекчилиги бергенин айткан.

Ошондой эле ал редакцияга аудиожазма жөнөттү. Анда мектеп жетекчилиги башка партияларга иштеп жаткан мугалимдерди «Биримдикти» шайлагыла деп айткан.

«Биз мамлекеттен айлык алып, мамлекеттен акча жеп жаткандан кийин ушул мамлекеттин партиясын гана колдошубуз керек. Мына өзүңөр көрдүңөр, карантин мезгилинде эч кандай сабак болбогон учурда деле айлыгыңар токтогон жок. Өз убагында алып жаткансыңар», — деген Асранкулов мектебинин жетекчилеринин бири.

«Биримдик» бийликчил партия деп эсептелет. Анын курамында президент Сооронбай Жээнбековдун иниси жана учурдагы депутаттар, министрлер жана мамкызматкерлер бар.

Аида Касымалиеванын мектеп директоруна жасаган «басымы»

Буга чейин, 18-августта, Орто Азия боюнча күрөш федерациясынын вице-президенти Нуркан Осмоналиев «Биримдик» партиясынын талапкери Аида Касымалиева анын аялы Рахат Камбардиновага — Ош облусунун Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы №53 мектебинин директоруна — «басым» жасаганына даттанган.

Осмоналиевдин айтымында, Касымалиева анын аялы жетектеген мектептин мугалимдери «Мекеним Кыргызстан» партиясына иштеп жатканына доомат койгон.

«“Эжеке, эмне үчүн сиздин мугалимдер башка партияга иштеп жатышат? Сиз жетекчисиз, сиз жооп бересиз, азыр съезд бүтсүн, мен сиз менен жеке сүйлөшөм, азыркы мезгилде сиздин маселеңиз каралып жатат. Мен съездден барганча мугалимдердин тизмесин дайындап коюңуз” деп басым жасаганда жубайымдын кан басымы жогорулап, жатып калды», — деген Осмоналиев.

Ал эми «Биримдик» партиясынан Касымалиева басым кылганын четке кагышкан, бирок сүйлөшүү болгонун тастыкташкан. Ошондой эле «мектеп жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, эч бир партиянын атынан үгүт жүргүзүүгө укугу жоктугун туура белгилеген» деп билдиришкен.

Муниципалдык кызматкерлерди чогулткан «Биримдик»

Дээрлик бир ай мурун журналисттер «Биримдиктин» Ош шаарындагы штабында муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери чогулушканына күбө болушкан. Анда депутат, партиянын мүчөсү Азамат Арапбаев журналисттерге «сыртка чыгып сайрагыла» деп айтып, штабдын короосунан кууп чыккан.

Ал эми коомчулукта бул окуя сынга алынып, «административдик ресурс колдонулуп жатат» деген пикирлер айтылган.

Ош шаардык мэриясынан кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгып, «Биримдиктин» жыйынына катышкан деп ишендиришкен. Бирок «Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов партиянын жыйынына иш убактысында барганы белгилүү болду.

Аталган партия буга чейин, 6-мартта, жергиликтүү кеңештерге өтчү шайлоонун алдында да Оштогу бир канча ЖОЖдордун ректорлорун, муниципалдык ишкана жетекчилерин жана алардын орун басарларын да иш убактысында чогулткан.