Видео: Оштогу массалык мушташта катышкан милиционерлерге карата кызматтык иликтөө башталды

Соцтармактарда Ош шаарындагы «Глобус» соода борборунун алдында алты киши мушташып жаткан тасма тарады. Окуя 7-сентябрда орун алгандыгын жана мушташкандардын арасында милиция кызматкерлери бар экендигин Ош ШИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

«Мушкашка катыштыгы барлардын өздүктөрү аныкталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталган», — деди Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ал эми «Турмуш» басылмасына күбөлөр мушташка төрт милиционер катышкан жана алар мас абалында болушкандыгын маалымадашкан. Тасмадан милиционерлердин формасына окшош көк көйнөк кийген кишини көрүүгө болот. Жаңжалдын катышуучуларын соода борборунун бир нече күзөтчүсү бөлүштүрүүгө аракет жасаган.

«Милиционерлер соода түйүндүн жанында отурган балдарды түрткүлөп баштаган. Чырдын баары ошол жерден башталган. Эки тараптын мушташканы камерага тартылып калган. Видеодо эки жигит унаасынан бычак жана союл сымал буюм алып чыгып, милиционерлерди коркутуп, кууп жүргөнүн көрүүгө болот», — деп билдирген күбөлөр басылмага.

Мындан сырткары күбөлөр милиционерлер сабалганын жана алар мушташ учурунда кызматтык форманын үстүнөн спорт кийимдерин кийип алышкан деп белгилешкен.

Буга чейин Ош шаарында мындан төрт күн мурда Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрдын алдында алты бала бир баланы сабап жаткан видео тараган. Тасманы жарыялаган Тима Умаров анын иниси Нургазыны белгисиз кишилер сабагандан кийин, чечиндирип тоноп кетишкенин айткан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алып, окуяга катышкан алты баланын өздүгүн аныкташкан. Алардын төртөө колго түшүп, калган эки кишиге издөө жарыяланган. Сабагандар жабырлануучунун классташтары экендиги жана чыр кыз талашуудан келип чыккандыгы белгилүү болду.