Коронавирус дагы 71 кишиден аныкталып, 80 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 15-сентябрдагы брифингде коронавирустун жаңы 71 учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 13;

Ош шаары — 3;

Чүй облусу — 4;

Ош облусу — 9;

Талас облусу — 1;

Нарын облусу — 2;

Ысык-Көл облусу — 6;

Жалал-Абад облусу — 10;

Баткен облусу — 23.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 999га жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 825. Ал эми Чүй облусунда — 5 460, Ош облусунда — 4 245, Жалал-Абадда — 4 402, Ысык-Көлдө — 3 878, Ош шаарында — 3 422, Баткенде — 2 585, Нарын облусунда — 1 732 жана Талас облусунда — 1 444 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 103 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 22, Жалал-Абад облусунан — 15, Ош облусунан — 7, Ош шаарынан — 3, Баткен облусунан — 9, Чүй облусунан — 11, Талас облусунан — 2 жана Ыссык-Көл облусунан — 11 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 41 103 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 502 бейтап, ал эми үй шартында 1890 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада Баткен облусунда эмгектенген эки медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада эки медик айыкты жана тогуз медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 174ге жетти, анын ичинен 2 710 медкызматкер илдеттен айыкты.