«Кыргызстандын» талапкери азык-түлүктү карантинде тараткан

Сүрөт: Сезимай Жунусованын фейсбук баракчасынан алынды

Дисклеймер: «Клоопто» «БШК «Кыргызстандын» талапкери тургундарга азык-түлүк таратканы боюнча маалыматты текшерет» деген аталыштагы макала жарык көрдү. Материал жарык көргөндөн кийин чындыгында талапкер Нурбек Алимбеков азык-түлүктү карантин мезгилинде таратканы белгилүү болду. Туура эмес маалымат таратканыбыз үчүн окурмандардан кечирим сурайбыз.

«Кыргызстан» партиясынын депутаты жана кезектеги парламенттик шайлоого талапкер Нурбек Алимбеков тургундарга азык-түлүк таратып жүргөнү тууралуу пост фейсбук колдонуучусу Сезимай Жунусова өз баракчасына 10-сентябрда жарыялаган. Анда окуя кайсы күнү жана кайсыл жерде болгону так жазылган эмес болчу.

«Клооптун» журналистти Жунусованын посту боюнча комментарий алуу үчүн Алимбековдун фейсбуктагы баракчасына кат жазган. Мындан тышкары партиянын фейсбук баракчасында көрсөтүлгөн номерлерине чалганыбызда жооп болгон эмес.

Макала жарык көргөндөн кийин Жунусова редакцияга өзү байланышып, ал жарыялаган сүрөт жана видео карантин мезгилинде тартылганын билдирди.

Posted by Sezimai Junusova on Thursday, September 10, 2020

Алимбеков буга чейин да Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баргы айылынын жолуна асфальт төшөө үчүн 1,5 млн сом бөлгөндүгү белгилүү болгон. БШКдан Алимбековдун аракети «кайрымдуулук иштери» катары бааланып калышы мүмкүндүгүн белгилешкен. Бирок кандайдыр бир чара колдонулуп-колдонулбаганы белгисиз.

Талапкер Алимбеков «Кыргызстандын» тизмесинде үчүнчү орунда — анын алдында партиянын лидери Канат Исаев жана депутат Талант Мамытов жайгашкан. Нурбек Алимбеков Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы.

Ошондой эле «Кыргызстан» партиясы 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү пул катары 50 миң сомдон берилерин убадалаган. Бирок бул иш жүзүнө ашкан эмес.

Мындан бир күн мурда фейсбук колдонуучусу Айзада Жамгырчиева өз баракчасына «алгачкы 50 миң сом сүйүнчү пул алган бөбөгүбүз» деп пост жарыялаган. Сүйүнчү пулду спикер Дастан Жумабеков тапшырган. Жумабеков да «Кыргызстан» партиясынан шайлоого баратат.

Жамгырчиева постун интернет колдонуучулар Жумабековдун аракеттерин сындагандан кийин өчүргөн. Бирок фейсбук колдонуучусу Искендер Афиджанов скрин жасап калууга үлгүрүп, «бул шайлоочуну сатып алуу эмеспи?» деген суроо менен бөлүштү.

Сүрөт Искендер Афиджановдун фейсбук баракчасынан алынды

Тема боюнча:

Кара-Суу: «Кыргызстандын» талапкери шайлоо алдында айыл жолуна асфальт төшөп берди