Жалал-Абадда тургундарды тоногон кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды, бирөө изделүүдө. Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандар ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушкан.

Криминалдык милиция кызматы тарабынан 15-сентябрда кылмыштуу топту курал менен камсыздап жана аны уюштурууга шектелип аталган райондун 44 жаштагы Сирожидин аттуу тургуну кармалды. Ошондой эле, шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда эки даана ок атуучу курал, аларга тиешелүү ок-дарылар жана бир даана кара түстөгү кастет алынган.

7-августта Базар-Коргон районунун 63 жаштагы тургуну да милицияга арыз менен кайрылган. Ал белгисиз кишилер үйүнө кирип ок атуучу курал менен коркутуп, тоноп кетишкенин айткан. Көп өтпөй кылмышка шектүү катары Ош облусунун 22 жаштагы тургуну кармалган. Ал ок атуучу куралды базаркоргондук Сирожидин аттуу киши бергенин билдирген.

Мындан сырткары, 27-июлда 59 жаштагы тургун ок атуучу куралдан жараат алып Жалал-Абад облустук бейтапканасына кайрылган. Ага беткапчан эки киши кол салып, андан кийин изин жашырып кеткен.

«Жабырлануучу жумуш ордунда, тактап айтканда ошол жерде орнотулган вагондун ичинде уктап жаткан кезде, кара түстөгү беткап кийген бейтааныш эки киши келип, колундагы газ баллон менен көзүнө чачып, белгисиз тапанчасы менен ичке бир жолу атып, акча талап кылышкан», — деп жазылат Жалал-Абад ОИИБдин билдирүүсүндө.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Ош облусундагы Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну кармалып, эки айга камакка алынган.

Ошондой эле, кармалган тургун тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш жасаганын моюндап, анын шериги Фарух аттуу киши болгонун маалымдаган. Учурда ал изделип жатат. Ал Базар-Коргон районунун 25 жаштагы тургуну А.Ф. экендиги жана мурда оор берене менен соттолгондугу такталган.

Базар-Коргон райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары улантылууда.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 26-майында Жалал-Абад шаардык милициясына 43 жаштагы тургун ок атуучу куралдан жаракат алып ооруканага түшкөндүгү маалымдалган. Ошондой эле, жабырлануучу — шаардык кеңештин депутаты Нурбек Акановдун бир тууган агасы Сапарали Аканов экендиги аныкталган. Депутаттын бир тууганына маркасы белгисиз травматикалык куралдан жамбашына эки жана бутуна үч жолу желим ок атылгандыгы белгилүү болгон.