БШК «Биримдиктин» талапкери дарылануу үчүн деп айылдашына берген акчаны сатып алуу деп атады

«Биримдик» партиясынан талапкер Ферузахон Исмаилова айыл тургунуна дарылануу үчүн 40 миң сом бергени тартылган видеодон алынган скриншот

БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова «Клоопко» курган маегинде «Биримдик» партиясынын талапкери Ферузахон Исмаилова Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын тургунуна 40 миң сом белекке бергенин айтып берди.

Абрахматованын айтымында, Исмаилова акча берип атканы тартылган видеону ага WhatsApp мессенжеринен жөнөтүшкөн.

Ошондой эле, Абдрахматова партиялардын талапкерлери парламенттик шайлоо жарыяланган убактан тарта кылган бардык кайрымдуулук иштери мыйзам бузуу жана шайлоочуларды түздөн-түз сатып алуу болуп саналаарын кошумчалады.

«Материалдардын баары укук коргоо органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилди. Бул учур кайрымдуулукка жамынып шайлоочуларды сатып алуу болуп эсептелет», — деди ал.

Видеодо Исмаилова бир катар адамдардын тобунда тургундун колуна акча тапшырып атканы көрсөтүлгөн.

«Бул акчанын берилиши кайыр-садага. Анын шайлоого эч кандай байланышы жок. Өзүңүз күбө, анан бул жердеги балдар күбө болушат. Дарыланууга 40 миң сом кетет экен. Ошонун азыр биринчисин баштадык. Келечекте да жардам беребиз», — деп айтат акча тапшырууда «Биримдиктин» талапкери.

Исмаилова «Азаттыкка» курган маегинде, видеодо кайрымдуулук катары айылдашына акча берип жаткан адам өзү экенин ырастады. Партиянын тизмесинде анын номери 56 деп көрсөтүлгөн.

«Биримдик» партиясынан акча тапшырылган учурда Исмаилова партиянын талапкери болбогонун айтышты «Клоопко».

«Бул учур шайлоо мыйзамдарына ылайык сатып алуу катары каралбайт. Шайлоо процессинек катышып жаткандардан маселе тийиштүү ыйгарымдуу орган тарабынан каралып бүткөнгө чейин алдын ала бүтүм чыгаруудан алыс болууну суранабыз», — деп билдирди партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев.

Мурдараак «Биримдик» партиясы административдик ресурс колдонууга аралашканы маалымдалган. Мындай учурлардын бири сентябрдын башында болгон.

Анда Бишкектин прокуратурасы №12 МТУнун башчысы Темир Касымов админресурс колдонуп, «Биримдик» партиясы үчүн үгүттөгөн деп бүтүм чыгарган.

Бул факт боюнча «Административдик ресурсту кыянат пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына берилген.

Бул сыяктуу дагы бир жагдай Нарында катталган. Анда облустун ИИБи Нарын районунун 34 жаштагы тургунуна карата «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси боюнча иликтөө баштаган.

Алдын ала маалымат боюнча, ал айылдыктарды «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовду колдоого чакырган Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусурканов болуп чыккан.

«Биримдик» партиясы бул шайлоодо №1 санынын алдында бара жатат. Партиянын өзү «бийликчил» деп да аталууга үлгүрдү. Партиянын талапкерлер тизмесинде президенттин иниси Асылбек Жээнбеков, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдобой калган КСДПнын көптөгөн экс-аткаминерлери бар.

Партиянын талапкерлеринин катарында депутат Аида Касымалиева, экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана эмгек жана соцөнүктүрүүнүн мурдагы министри Улукбек Кочкоров да бар.